icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross
1965 жыл
Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлык биринчи жолу 1965-жылдын 16-июнунда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен Советтик кыргыз адабиятын жана искусствосун мындан ары өнүктүрүү, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармалардын авторлорун сыйлоо максатында, ошондой эле улуу кыргыз совет акыны Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата негизделген. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-ноябрындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы кайрадан түзүлгөн. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык поэзия, проза, драматургия, көркөм публицистика, музыка, кино, скульптура жана архитектура, театрдык жана көркөм сүрөт өнөрү, радио жана телечыгармалар жаатындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү жана коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн ыйгарылат. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты алган адамдарга “Кыргыз Республикасынын адабият, көркөм өнөр жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген наам ыйгарылат, 100 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, диплом, ардак белги жана лауреаттын күбөлүгү берилет.
1996 жыл
ФАА Кызмат орду
Абдумомунов Токтоболот "Абийир кечирбейт", "Сүйүү жана үмүт" пьесалары үчүн
Айтиев Гапар Айтиевич "Чабандар" жана "Ысык-Көл - кыргыз деңизи" сүрөтү үчүн
Виноградов Виктор Сергеевич "Мураталы Куренкеев" китеби үчүн
Рыскулов Муратбек Эмгек кызыл туу ордендүү мамлекеттик драма театрында "Атанын тагдыры" спектаклинде Акылбектин жана "Король Лир" спектаклинде Лирдин ролдорун аткаргандыгы үчүн
Токомбаев Аалы "Таң алдында" романы үчүн