Атактуу адамдар
-
Айтматов Чыңгыз Төрөкулович
Дүйнөдөгү эң атактуу жазуучулардын бири, Кыргызстандын залкар уулу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында Кыргызстандын ошол кездеги Талас кантонундагы Шекер айылында туулган. Согуш жылдарында Шекер айылдык Кеңешинин катчысы, райондук финансы бөлүмүнүн агенти болуп эмгектенген
1946-жылы Жамбыл шаарынын зооветеринардык техникумун, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курстарынын угуучусу болгон.