icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross
icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Сыйлыктар жөнүндө

  • "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы

  • I даражадагы "Манас" ордени

  • II даражадагы "Манас" ордени

  • III даражадагы "Манас" ордени

  • "Курманжан Датка" ордени

  • "Данакер" ордени

  • "Даңк" ордени

  • "Достук" ордени

  • "Баатыр эне" ордени

  • "Даңк" медалы

  • "Эне даңкы" медалы

  • Биринчи категориядагы ардак наамдар

    "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген

  • Экинчи категориядагы ардак наамдар

    "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген

  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

  • Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык

    Государственная премия Кыргызской Республики имени Токтогула в области литературы, искусства и архитектуры

  • "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы
    "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы

    "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы

    "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматында баатырдык эрдик жасагандыгы үчүн граждандарга ыйгарылат.

    Мамлекеттин жана коомдун алдында өзгөчө эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын көзү өткөндөн кийин да ыйгаруу жүргүзүлөт.

    "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бир гана жолу "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен ыйгарылат.

    "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.

    "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 миллиметр болгон айлананы түзгөн жогорку деңгээлде сегиз нурлуу жана диаметри 30 миллиметр болгон айлананы түзгөн төмөнкү деңгээлде он алты нурлуу симметриялык жылдыз түрүндө болот.

    Жылдыздын нурларынын, кырларынын көрүнүшү жана формасы тоо чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат.

    Жылдыздын ортоңку бөлүгүндө лавр веногу менен курчалган күмүштөн жасалган каптама жайгашкан. Каптаманын борборунда алтын жалатылган фондо ыйык "Ак Шумкардын" рельефтик сүрөтү жайгашкан.

    Белгинин калыбы (кыргыздардын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө, андагы кызыл эмаль тилкеде түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган.

    Калып жана жылдыз өз ара чынжырлар системасы менен бириктирилген. Жылдыздын арткы бетинде белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар.

  • I даражадагы "Манас" ордени
    I даражадагы "Манас" ордени

    I даражадагы "Манас" ордени

    I даражадагы "Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн жактар сыйланышат.

    I даражадагы "Манас" ордени эки бөлүктөн - диаметри 60 миллиметр болгон сегиз шоолалуу алтын жылдыздан жана ортосундагы алтын каптамадан турат, алтын каптама жашоонун символу болгон булутсуз асманды жана сууну чагылдырган чырмалышкан кочкул көк түстөгү эки квадраттан жана күндүн символу болгон борбордогу кызыл айланадан турат. Айлананын ортосунда - туусу шамалга желбиреп ат чаап бараткан Манастын рельефтүү алтын сүрөтү түшүрүлгөн.

    Ордендердин арткы беттеринде номерлери чегип жазылган. Алар бурама менен бекитилет.

  • II даражадагы "Манас" ордени
    II даражадагы "Манас" ордени

    II даражадагы "Манас" ордени

    II даражадагы "Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн жактар сыйланышат.

    II даражадагы "Манас" ордени I даражадагы орден менен бирдей, бирок күмүштөн жасалат. Мында каптама борборго, Манастын сүрөтүнө жана жылдыздын нурларынын ортосунда айлананы түзгөн сегиз жалбыракка алтын жалатылган. Чырмалышкан көк квадраттардын бурчтарында алтын жалатылган тегерек белгилер коюлат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу калат.

    Ордендердин арткы беттеринде номерлери чегип жазылган. Алар бурама менен бекитилет.

  • III даражадагы "Манас" ордени
    III даражадагы "Манас" ордени

    III даражадагы "Манас" ордени

    III даражадагы "Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн жактар сыйланышат.

    III даражадагы "Манас" ордени айрым элементтерине алтын жалатылбастан күмүштөн жасалат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптамалар калат.

    Ордендердин арткы беттеринде номерлери чегип жазылган. Алар бурама менен бекитилет.

  • "Курманжан Датка" ордени
    "Курманжан Датка" ордени

    "Курманжан Датка" ордени

    "Курманжан Датка" ордени менен коомдук-саясий иште сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн жактар сыйланышат.

    "Курманжан Датка" ордени төштүн сол тарабына, «Манас» орденинен кийин тагылат.

    "Курманжан Датка" ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз.

    Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот.

    Ордендин ортосунда улуттук оюму бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, - түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөн жагында "Курманжан Датка" деген жазуу бар. Улуттук оюм жана "Курманжан Датка" деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтындын буусу менен капталат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат.

    Улуттук оюм жана цирконий таштары менен кооздолгон жети бурчтуу күмүш пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын ортосундагы аралыкта алтындын буусу менен капталган жети шоола чыгып турат.

    Алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыздын диаметри 60 мм, сыртына капталган тегеректики 34 мм.

    "Курманжан Датка" орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилет, төөнөгүч түрүндөгү таккычы бар.

  • "Данакер" ордени
    "Данакер" ордени

    "Данакер" ордени

    "Данакер" ордени менен элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкө илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча жигердүү ишмердиги үчүн жактар сыйланышат.

    "Данакер" ордени төштүн сол тарабында "Курманжан Датка" орденинен кийин тагылат.

    "Данакер" ордени күмүштөн жасалат жана диаметри 42 мм болгон, бирдей чыгып турган кырк шоолалуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын шоолаларына алтын жалатылган.

    Ордендин алдыңкы бетинде көк тегерек элементтери менен кыргыздын улуттук оюмунун рельефтик сүрөтү бар, ал ысык эмаль методу менен жасалат. Айлананын диаметри 30 мм. Айлананын периметринде жылдыздын шоолалары менен айкалышкан 40 жарым сфера бар.

    Айлананын ортосуна диаметри 16 мм болгон каптама жайгашкан, ал ысык эмаль методу менен жасалган көк эмаль менен капталган, анда жер шаарынын меридиандарынын символун билдирген жарым айлана түрүндө ичке тосмо сызыктар бар. Каптаманын борборунда рельефтик "Данакер" деген жазуу жайгашкан. Жазуунун үстү жана асты жагында айлананын вертикаль огу боюнча рельефтик түрдөгү жылдыздар жайгашкан. Каптама күмүштөн жасалат. Каптаманын кырларына, ичке тосмо сызыктарга жана жылдыздарга алтын жалатылган.

    Ордендин арткы бетине алтын жалатылат, төмөн жагына ордендин номери чегилет.

    "Данакер" ордени көзөнөк жана звено аркылуу өлчөмү 28 мм х 42 мм болгон тик бурчтуу металл калыпка бириктирилет. Ал өлчөмү 33 мм х 23 мм болгон көк муар тасмасын керүү үчүн негиз болот.

    Калыптын арткы бетинде орденди кийимге тагуу үчүн төөнөгүч бар.

  • "Даңк" ордени
    "Даңк" ордени

    "Даңк" ордени

    "Даңк" ордени менен:

    - мамлекеттин жана коомдун алдында, Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн атынан жасалган эрдигине байланышкан өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн;

    - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү жана элдин бакубаттыгынын деңгээлдерин жогорулатууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого шарт түзүүчү сиңирген эмгеги үчүн;

    - илим, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы сиңирген кызматы үчүн;

    - мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук ишмердиги тармагындагы, мыйзамдуулукту, укук тартибин, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө тармагындагы сиңирген кызматы үчүн;

    - улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик тарбиялоого кошкон салымы үчүн;

    - спортту жайылтуудагы, колдоодогу жана популярлаштыруудагы сиңирген эмгектери үчүн сыйланышат.

    "Даңк" ордени төштүн сол тарабында "Данакер" орденинен кийин тагылат.

    "Даңк" ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюмдун рельефтик сүрөтү бар салтанаттын символун билдирген туура күмүш пластинанын фонундагы сегиз бурчтуу жылдыз болот. Карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү 55 мм.

    Ордендин ортоңку бөлүгүндө сол тарабынан лавр жалбырагынан жана оң тарабынан арчадан жасалган, алтын менен капталган венок түрүндө айлана жайгашкан. Лавр жалбырагы атак жана даңкты, ал эми арча түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Айлананын ортосунда "Даңк" деген жазуусу бар. Жазуунун үстүңкү жана төмөн жагында улуттук оюм жайгашкан. Жазуу жана улуттук оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн, түстүү эмаль менен жасалган кочкул кызыл фондо жайгашкан.

    Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.

  • "Достук" ордени
    "Достук" ордени

    "Достук" ордени

    "Достук" ордени менен жактар:

    - мамлекеттин жана коомдун алдында, Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн атынан жасалган эрдигине байланышкан өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн;

    - элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү ишиндеги жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташуусун бекемдөөдөгү жетишкендиктери үчүн;

    - эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык ишмердигиндеги жетишкендиктери үчүн;

    - өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө болгон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү ишмердиги үчүн сыйланышат.

    "Достук" ордени төштүн сол тарабында "Даңк" орденинен кийин тагылат.

    "Достук" ордени күмүштөн жасалат жана дөмпөйтүлгөн чыгып турган шоола түрүндөгү алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, шооланын карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы аралык 55 мм.

    Ордендин ортоңку бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары 38 мм. Четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүңкү жагында элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген "ажырагыстыктын" белгиси, ортосунда "Достук" деген жазуусу, төмөнкү жагында кыргыздын улуттук оюму жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмаль менен жасалган көк фондо жайгашкан.

    Жылдыздын алдыңкы бети улуттук оюм менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат.

    Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.

  • "Баатыр эне" ордени
    "Баатыр эне" ордени

    "Баатыр эне" ордени

    "Баатыр эне" ордени менен энелер - жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

    «Баатыр эне» ордени төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын медалдарынан мурда тагылат. 

    Орден күмүштөн жана мельхиордон жасалып, алтындын буусу менен капталат жана диаметри 52 миллиметр болгон жети нурлуу жылдыз түрүндө болот.

    Жылдыздын борборунда - булутсуз көк асманды элестеткен көк эмаль фону жана ак эмаль алкак менен жээктелген каптама айлана бар, анда "Баатыр эне" деген жазуу жайгашкан.

    Айланада үйдүн очогунун символу түндүктүн стилдүү сүрөтү берилген. Жогорку жагында "Алтын казык" жылдызынын сүрөтү бар. Ордендин арткы бетинде номери чегип жазылган. Орден төөнөгүч менен бекитилет.

  • "Даңк" медалы
    "Даңк" медалы

    "Даңк" медалы

    «Даңк» медалы менен жактар мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн сыйланышат.

    «Даңк» медалы төштүн сол тарабына, «Эрдик» медалынан кийин тагылат. 

    Медаль эки бөлүктөн - күмүш калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон айланадан турат: алар бири-бири менен айланага терең отургузулган өзгөчө байламта системасы менен бириккен.

    Калыпта даңктын символу болгон кайчылаштырылган эки лавр бутагы, анын үстүндө ысык ыкма менен жабылган кызыл эмалдуу эки тик бурчтук тартылган.

    Айлана адаттан тышкаркы ыкма менен жасалган: анын чок ортосунда жана жээктеринде көзөнөктөр бар, алар аны жеңил сыяктуу көрсөтүп турат. Айлананын ортосунан төмөн жакта "Даңк" деген  жазуу бар, борбордон эки жакты карай кыргыздын улуттук оюмдарынын элементтери жайгаштырылган.

    Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндө илгич, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.

  • "Эне даңкы" медалы
    "Эне даңкы" медалы

    "Эне даңкы" медалы

    "Эне даңкы" медалы менен энелер - алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.

    "Эне даңкы" медалы төштүн сол тарабында "Даңк" медалынан кийин тагылат. 

    Медаль мельхиор калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон күмүш айланадан турат, алар өз ара бириктирилген.

    Калып (кыргыздын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө жасалган, анын жогорку жээгинде кыргыздын улуттук оюму, ал эми ортоңку бөлүгүндө булутсуз асманды, ак карлуу бийик чокуларды жана көгүлтүр "Ысык-Көлдү" символдоштурган сүрөт түшүрүлгөн: ага эмалдын көгүлтүр, ак, ультрамарин түстөрү жабылган.

    Айлананын тышкы алкагын тегерете "Кыргыз Республикасы" деген жазуу бар.

    Көзөнөктүү айланага катуу бириктирүү ыкмасы менен нурлардын жана кыюуланган алкактын ортосунда "Баатыр эне" орденинин кичирейтилген сүрөтү жайгаштырылып, анын ортосуна "Эне даңкы" деген жазуу жазылган. Көзөнөктүү мейкиндикти бирдей өлчөмдөгү сегменттер түзөт.

    Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар, ал эми медалдын артында номери чегип жазылган.

  • Биринчи категориядагы ардак наамдар
    Биринчи категориядагы ардак наамдар

    Биринчи категориядагы ардак наамдар

    1. "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы жалпы элдик таанылууга ээ болгон мыкты көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, төкмө акындарга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

    2. "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн жазуучуларга ыйгарылат.

    3. "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн акындарга ыйгарылат.

    4. "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусствонун жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү чыгармаларын жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.

    Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

    Төш белги төштүн оң тарабына, Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринин алдына тагылат.

    Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириккен беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм асмадан турат.

    Алтын жалатылган колодон жасалган түз формалуу калып штамповка ыкмасы менен жасалган, 26 мм х 17 мм өлчөмдөгү калыптын алдыңкы бети кызыл түстөгү эмаль менен жабылган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жайгашкан.

    Асма алтын жалатылган күмүштөн жасалган, асманын өйдөңкү бөлүгүндө рельефтүү Мамлекеттик туунун (күндүн нурунун кыйылуусундагы түндүктүн стилдештирилген сүрөтү) элементи жайгашкан. Ортоңку бөлүгүндө рельефтүү "Кыргыз Республикасы" деген жазуу турат. Асманын чет жактарында ардактын жана даңктын символу болгон лавр бутактарынын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.

    Асманын арткы бетинде катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар.

  • Экинчи категориядагы ардак наамдар
    Экинчи категориядагы ардак наамдар

    Экинчи категориядагы ардак наамдар

    1. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" ардак наамы маданият жана искусство жаатында кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, театр, музыка, кино-, теле- жана цирк искусствосу жаатында жогорку көркөмдүктөгү образдарды, жалпы элдик таанылууга ээ болгон спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди, музыкалык чыгармаларды жараткан мыкты кесипкөй артисттерге, дирижёрлорго, режиссёрлорго, операторлорго, сүрөтчү-коюучуларга, кийим боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармачылыктын чыгармаларын аткаруучуларга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

    2. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, калктын ден соолугун коргоодо, медицина илиминин жана техниканын заманбап жетишкендиктерин иш тажрыйбасында пайдалануу менен дарылоо-алдын алуу жардамын уюштурууда жана көрсөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн бардык адистиктеги мыкты кесипкөй врачтарга ыйгарылат.

    3. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу" ардак наамы техникалык прогресске жана экономикага олуттуу салым кошкон, маанилүү мамлекеттик мааниге ээ болгон ойлоп табуулары өндүрүшкө киргизгени үчүн, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү ойлоп табуучулук иши үчүн авторлорго ыйгарылат.

    4. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, курулушту, курулуш индустриясын жана архитектураны өнүктүрүүдө, архитектуралык эстеликтерди калыбына келтирүүдө, ошондой эле капиталдык курулуштун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууда көрүнүктүү эмгек сиңиргени, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн курулуш жана курулуш индустриясы жаатындагы, илим-изилдөө жана долбоорлоо мекемелериндеги, окуу жайларында жана башка органдардагы мыкты квалификациялуу кызматкерлерге ыйгарылат.

    5. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, педагогикалык жана тарбиялоо ишинде өзгөчө айырмаланган, окуучулардын терең билим алышын, алардын чыгармачыл дараметинин өнүгүшүн камсыз кылган билим берүү уюмдарынын мыкты кесипкөй мугалимдерине ыйгарылат.

    6. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамы мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, укуктук мамлекетти курууга, юридикалык илимди өнүктүрүүгө, юридикалык кадрларды даярдоого олуттуу салымы бар, адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген жогорку квалификациялуу юристтерге ыйгарылат.

    7. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" ардак наамы экономикалык жана финансылык иштер, мамлекеттик аудит, экономикалык илимди жана финансы рыногун өнүктүрүү жаатында олуттуу салымы бар, мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мыкты квалификациялуу экономисттерине жана адистерине ыйгарылат.

    8. "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, маданият менен искусствону өнүктүрүүгө, чыгармачыл кадрларды даярдоого олуттуу салым кошкон, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мыкты кесипкөй режиссёрлорго, композиторлорго, дирижёрлорго, балетмейстерлерге, хормейстерлерге, концертмейстерлерге, дизайнерлерге, искусство таануучуларга, жазуучуларга, журналисттерге, сүрөтчүлөргө, декоративдик-колдонмо искусствосунун чеберлерине жана маданият жана искусство мекемелеринин башка кызматкерлерине ыйгарылат.

    9. "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы илим жана техниканын артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгууда, таанылган илимий мектептерди түзүүдө, илимий кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо сиңирген эмгеги үчүн илимдин кандидаты же доктору деген окумуштуулук даражасы бар окумуштууларга, ошондой эле өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге, ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, техникалык прогресске олуттуу салым кошкон жана илим менен техника жаатындагы көрүнүктүү эмгектери, жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары жана ишке киргизген рационализатордук сунуштары үчүн конструктордук жана технологиялык уюмдардын, өндүрүштүк жана илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, машина куруу, өндүрүштүк жана илим-изилдөө уюмдарынын, технологиялык борборлордун жана жогорку окуу жайлардын лабораторияларынын кызматкерлерине ыйгарылат.

    10. "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, пайдалуу кендерди табуу, чалгындоо жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө берүү, гидрогеология жана инженердик геология, экологиялык жактан таза технологияны өздөштүрүү, геологиялык илимди өнүктүрүү жаатында айырмаланган, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен геологиялык, геофизикалык, гидрогеологиялык, топографиялык-геодезиялык уюмдардын, илим-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайлардын жогорку кесипкөй инженер-техникалык кызматкерлерине жана кызматчыларына ыйгарылат.

    11. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы мамлекеттик кызматта кеминде 15 жыл иштеген, мамлекеттик кызмат жаатында ири эмгек сиңиргени, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, мамлекеттик кызмат тутумун өркүндөтүүдө жана мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкени үчүн мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылат.

    12. "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы саламаттык сактоо жаатында кеминде 15 жыл иштеген, калктын ден соолугун коргоодо, медициналык жардамдын жана дары-дармек менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатууда сиңирген эмгеги, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн алардын ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине ыйгарылат.

    13. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кеминде 15 жыл иштеген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда кошкон олуттуу салымы жана эмгеги, муниципалдык кызмат тутумун өркүндөтүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкени үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлерине ыйгарылат.

    14. "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ушул чөйрөдө кеминде 15 жыл иштеген, педагогикалык жана тарбиялоо ишине сиңирген эмгеги, инновациялык окуу-усулдук куралдарды, программаларды, методикаларды түзгөнү, билим берүү процессин илимий-усулдук жактан камсыз кылууга катышканы, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн билим берүү уюмдарынын, билим берүүнү башкаруу органдарынын, билим берүү системасынын илим-изилдөө институттарынын мыкты кесипкөй илимий-педагогикалык жана башка кызматкерлерине ыйгарылат.

    15. "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты рационалдуу пайдалануу жаатында кеминде 15 жыл иштеген, жаратылыш ресурстарын сактоодо, аз калдыктуу жана калдыксыз курулмаларды иштеп чыгууда жана өздөштүрүүдө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоодо сиңирген эмгеги, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн жаратылышты коргоо органдарынын мыкты кесипкөй кызматкерлерине, экологиялык проблемалар менен иштеген илимий-изилдөө жана башка мекемелердин кызматкерлерине ыйгарылат.

    16. "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы бул тармакта кеминде 10 жыл иштеген, экономиканын өнөр жай тармактарынын түрдүү уюмдарынын, кен казуу өнөр жайынын мыкты кесипкөй жумушчуларына, мастерлерине, инженер-техникалык кызматкерлерине чийки затты казып алууда, продукция өндүрүүдө, анын  сапатын жакшыртууда сиңирген эмгеги үчүн энергетика жана өнөр жай жаатындагы жумушчуларга жана инженердик-техникалык кызматкерлерге, ошондой эле бул тармакта кеминде 15 жыл иштеген, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен илимдин жана техниканын жетишкендиктерин ишке киргизүүнүн, технологияны өркүндөтүүнүн, өндүрүштүк процесстерди механикалаштыруунун жана автоматташтыруунун эсебинен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда, продукция чыгарууну көбөйтүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мамлекеттик органдардын, илим-изилдөө, технологиялык, долбоорлоо-конструктордук уюмдардын кызматкерлерине ыйгарылат.

    17. "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ушул чөйрөдө кеминде 15 жыл иштеген, байланыш каражаттарын өнүктүрүүдө, модернизациялоодо, пайдаланууда, калкты тейлөөнү жакшыртууда, жаңы жогорку натыйжалуу техниканы жана технологияны иштеп чыгууда жана өздөштүрүүдө олуттуу эмгеги бар, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен телекоммуникация, уктуруу, почта байланышы, байланыштын курулуш, оңдоо, долбоорлоо ишканалары жаатындагы, байланыш жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

    18. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы айыл чарба өндүрүшүнүн тармагын өнүктүрүүдө: айыл чарба жаатында кеминде 15 жыл иштеген, илимдин, техниканын жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны жана чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын ишке киргизүүнүн негизинде түшүмдүүлүктү, жердин күрдүүлүгүн жогорулатууга, мамлекетке жана калкка жогорку сапаттуу айыл чарба продукциясын сатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен мамлекеттик органдардын, агрардык өнөр жай комплексинин жана айыл чарба жаатындагы башка уюмдардын мыкты кесипкөй кызматкерлерине, ошондой эле агрардык реформаны жүргүзүүгө жигердүү катышкан, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен адамдарга ыйгарылат.

    19. "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы калкты тейлөө чөйрөсүндө кеминде 15 жыл иштеген, калкка турмуш-тиричилик, соода, турак жай, коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн, тейлөөнүн формаларын жана методдорун иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө, жарандарга социалдык жардамды жана аларды пенсия менен камсыз кылууну уюштурууда, маданий-эс алуу ишин жана туризмди өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн калкты тейлөө чөйрөсүндөгү мекемелердин жана уюмдардын мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

    20. "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы транспорт тармагында кеминде 15 жыл иштеген, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда жана транспорт каражаттарын пайдаланууну жакшыртууда сиңирген эмгеги, илимдин, техниканын жетишкендиктерин жана эмгектин алдыңкы методдорун өндүрүшкө киргизүүдө, өндүрүштүк тапшырмаларды аткарууда, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууда жогору көрсөткүчтөргө жетишкен, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн транспорттун темир жол, аба, суу, автомобиль жана башка түрлөрүнүн, мамлекеттик органдардын, илим-изилдөө жана долбоорлоо уюмдарынын, окуу жайларынын мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

    21. "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы дене тарбия жана спорт жаатында кеминде 15 жыл иштеген, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, калктын дене тарбия системасын, массалык спортту, жогорку жетишкендиктердин спортун өркүндөтүүгө, кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ири эмгек сиңиргени үчүн, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү камсыз кылуучу уюштуруу-усулдук, окутуу-машыктыруу, тарбиялоо, инженердик-техникалык, илимий-педагогикалык жана чарбалык иштеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн дене тарбия жана спорт мекемелеринин мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

    Кыргыз Республикасынын ардак наамы менен сыйланган адамдарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

    Төш белги көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирген ардак наамы болсо, анын белгисинен кийин тагылат.

    Кыргыз Республикасынын экинчи категориядагы ардак наамдарына төш белгиси биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белги менен бирдей, бирок калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жок.

  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
    Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

    Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

    Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана руханий мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга эмгек сиңирген, мамлекеттик кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу ийгиликтерге жетишкен граждандар Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланат.

    Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.

    Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына «Ардак белгиси» төш белгиси кошо берилет, анын катар номери болот.

    «Ардак белгиси» төш белгиси көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйлангандын ардак наамы бар болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин жайгашат.

    Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын төш белгиси тик бурчтук формасында, алтын түстүү, чет жактарында кыргыз улуттук оюму чегерилген, 20 мм х 28 мм өлчөмүндө, алтын жалатылган күмүштөн жасалат.

    Үстүнкү бөлүгүндө кызыл түстөгү эмаль менен капталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун символу болгон тик бурчтуктун фонунун оң тарабында "Ардак белги" жазуусу жайгашкан. Төмөнкү жагында ардактын жана даңктын символу болгон рельефтүү лавр бутагы жайгаштырылган.

    Төш белгинин арткы бетинде номери чегип жазылган, бекитмеси - цанга кыпчыткычы болот.

  • Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык
    Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык

    Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык

    Кыргыз Республикасынын поэзия, проза, драматургия, көркөм публицистика, музыка, кино, скульптура жана архитектура, театрдык жана көркөм сүрөт өнөрү, радио жана телечыгармалар тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү жана коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн ыйгарылат. Мамлекеттик сыйлыкты алган адамдарга “Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси” деген наам ыйгарылат, 100 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, диплом, ардак белги жана лауреаттын күбөлүгү берилет.