Сыйлыктар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар системасынан чыгарылган сыйлыктар
-
"Данакер" ордени "Данакер" ордени
“Данакер” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактар элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкөнүн илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги, улуттук маданияттарды жакындаштыруу жана өз ара байытуу, мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча жигердүү иши үчүн сыйланат.
“Данакер” ордени төштүн сол тарабына “Курманжан Датка” орденинен кийин тагылат.
“Данакер” ордени күмүштөн жасалат жана диаметри 42 мм болгон бирдей чыгып турган кырк нурлуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын нурлары алтын менен капталган.
Ордендин алдынкы бетинде көк тегерек элементтери бар кыргыздын улуттук оюмунун рельефтүү сүрөтү менен күмүш айлана, ал ысык эмаль методу менен жасалат. Айлананын диаметри 30 мм. Айлананын периметринде жылдыздын нурлары менен айкалышкан 40 жарым сфера бар.
Айлананын борборуна диаметри 16 мм болгон, көк түстөгү, ысык эмаль методу менен жасалган каптама жайгашкан, анда жер шаарынын меридиандарын символдоштурган жарым айлана түрүндө ичке тосмо сызыктар бар. Каптаманын борборунда “Данакер” деген жазуу жайгаштырылган. Жазуунун үстү жана асты жагында айлананын вертикаль огу боюнча рельефтүү сүрөттөлүштөгү жылдыздар жайгаштырылган. Каптама күмүштөн жасалат. Каптаманын кырлары, ичке тосмо сызыктар жана жылдыздар алтын менен капталган.
“Данакер” ордени көзөнөктүн жана звенонун жардамы менен өлчөмү 28 мм х 42 мм болгон тик бурчтуу металл калыпка бириктирилет, ал өлчөмү 33 мм х 23 мм болгон көк муар тасмасын керүү үчүн негиз болот.
Ордендин арткы бетинде катар номери чегип жазылган, калыптын арткы бетинде – төөнөгүч түрүндөгү бекитмеси бар.
-
"Эрдик" медалы "Эрдик" медалы
"Эрдик" медалы менен жарандар адамдарды сактап калууда, коомдук тартипти коргоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, бөөдө кырсыктардын, өрттүн, апааттын жана башка өзгөчө кырдаалдардын учурунда көрсөткөн каарман иш-аракети, эрдиги жана тайманбастыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шартта аскердик, кызматтык жана граждандык парзын аткарууда жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракети үчүн сыйланат.
Аскердик, кызматтык же жарандык милдетин аткарууда баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо көзү өткөндөн кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн.
"Эрдик" медалы төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.
Медаль эки бөлүктөн - тик бурчтуу калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон фигураланып кесилген күмүш айланадан турат, алар өз ара звенолор системасы менен бириккен.
Айлананын ортосунда каармандыктын, чыдамкайлыктын жана кеменгерликтин символу катары ак илбирстин сүрөтү жайгаштырылган.
Айлананын жээгинде Мамлекеттик туунун элементтери (күн нурлары) жайгаштырылган жана "Эрдик" деген сөз жазылган.
Калыптын алдыңкы тарабында ысык эмаль ыкмасы менен иштелген үч тик тилке жайгашкан, алар ак мөңгүлүү Ала-Тоонун чокуларын, жашоонун символу катары сууну жана тынчтыктын символу катары көгүлтүр асманды чагылдырган ак жана көк түстөрдө жасалган.
Калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.
-
"Даңк" медалы "Даңк" медалы
“Даңк” медалы менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактар мамлекеттик же коомдук иште, мамлекеттик же муниципалдык кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн сыйланат.
“Даңк” медалы төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.
Медаль эки бөлүктөн – күмүш калыптан жана диаметри 40 мм болгон күмүш тогуз бурчтуу жылдыздан турат, алар бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет.
Жылдыздын борбордук бөлүгүндө атак жана даңктын символу болгон – алтын жалатылган лавр бутагы менен алкакталган күмүш каптама жайгаштырылган. Каптаманын борборунда муздак метод менен жасалган кызыл эмаль фондо “Даңк” деген рельефтүү жазуу бар.
Жылдыздын учтарынынын ортосундагы аралыкта карартуу методу менен капталган күмүш тогуз нур чыгып турат.
Калыпта кайчылаштырылган эки лавр бутагы, алардын үстүндө муздак метод аркылуу кызыл эмаль менен капталган эки тик бурчтук түшүрүлгөн.
Калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекиткичи бар, ал эми медалдын арткы бетинде катар номери чегип жазылган.
-
«Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» I даражадагы медалы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» I даражадагы медалы
1. «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын, аскердик прокуратуранын жана аскердик соттордун, Кыргыз Республикасынын Баңги заттарга контролдук боюнча агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аскер кызматчылары жана аттестацияланган кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, күжүрмөн жана саясий даярдыгынын эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн жана календардык эсептөө боюнча 15 жыл жана андан ашык мезгил кызмат өтөгөндөр сыйланат.
(КР Президентинин 2008-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ N 311, 2009-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ N 187 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалынын II даражасы болот:
I даража - 20 жыл жана андан ашык мезгилде эң мыкты кызмат өтөгөндөрдү сыйлоо үчүн;
II даража - 15 жыл жана андан ашык мезгилде эң мыкты кызмат өтөгөндөрдү сыйлоо үчүн.
Сыйлоо ирээти менен: II даражада жана I даражада ишке ашырылат.
3. «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы менен Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата сыйлайт.
«Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы менен сыйлоого көрсөтүү жана андай өтүнүчтү кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы менен сыйлоого көрсөтүүдө аскар кызматкерлеринин кызмат өтөгөн мезгили үстүдөгү жылдын 31-августуна карата эсептелет.
Кызмат өтөгөн мезгилге Советтик Армияда жана СССРдин Аскер-Деңиз Флотунда, СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер күчтөрүндө жана органдарында, ошондой эле КМШга кирген мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндө жана тийиштүү органдарында анык аскердик кызмат өтөгөн мезгил да кошулат.
5. «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы төштүн сол жагына жана сыйлык ээсинин СССРдин жана Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары да болгон учурда даражасы боюнча «Даңк» медалынан кийин тагылат.
Күнүмдүк кийген формада медалдын ордуна тик бурч, бир аз томпогоюраак келген, өлчөмү 24 мм х 12 мм жана медалдын колодкасынын түстөрүнө ылайык жасалган планка тагылат.
-
"Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" II даражадагы медалы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" II даражадагы медалы
-
"Кайрымдуулук үчүн" медалы "Кайрымдуулук үчүн" медалы
1. «Кайрымдуулук үчүн» медалы менен:
- жарандарга же юридикалык жактарга мүлктөрдү, анын ичинде акча каражаттарын берген, акысыз жумуш аткарган, кызмат көрсөткөн, жарандарды социалдык жактан колдоого алган жана жардам берген, анын ичинде аз камсыз болгон жарандардын материалдык абалын жакшырткан, жумушсуздарды, майыптарды жана өзүнүн күч-кубатынын же интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүнөн, башка жагдайлардан улам өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын өзалдынча жүзөгө ашыра албаган адамдарды социалдык жактан реабилитациялаган;
- калкты бөөдө кырсыктын, экологиялык, өнөржайлык же башка алааматтардын залалдарын жоюуга даярдоого, бөөдө кырсыктын, экологиялык, өнөржайлык же башка алааматтардан, социалдык, улуттук, диний жаңжалдардан жапа чеккендерге, репрессиялардын курмандыктарына, качкындарга жана аргасыз жер которгондорго жардам кылууга көмөк көрсөткөн;
- билим берүү, илим, маданият, көркөм өнөр, агартуу, инсандык руханий өнүгүү чөйрөсүндөгү иштерге көмөк көрсөткөн; тарыхый, диний, маданий же жаратылышты коргоо жагында мааниси бар имараттарды, объекттерди жана аймактарды жана адамдардын сөөгү коюлган жерлерди кайтарууга жана талаптагыдай күтүүгө ыктыярдуу жана акысыз (бекер же жеңилдетилген шарттарда) көмөк көрсөткөн жарандар жана юридикалык жактар сыйланат.
2. «Кайрымдуулук үчүн» медалы менен Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгынын Күнүнө карата сыйлайт.
3. Медалга көрсөтүү тартиби «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык жүргүзүлөт.
4. «Кайрымдуулук үчүн» медалы көкүрөктүн сол тарабына тагылат жана сыйланган адамдарда СССРдин жана Кыргыз Республикасынын орден жана медалдары бар болсо «Даңк» медалынан кийин жайгашат.
-
"Эмгек ардагери" медалы "Эмгек ардагери" медалы
1. «Эмгек ардагери» медалы менен Кыргыз Республикасынын жарандары көп жылдык жана акниеттүү эмгеги үчүн жана экономиканы, маданиятты, билим берүүнү жана илимди, саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө кыйла эмгектик салым кошкондугу үчүн сыйланат.
2. «Эмгек ардагери» медалы менен Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти сыйлайт.
3. Сунуш кылуу тартиби «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. «Эмгек ардагери» медалы сол төшкө тагылат жана сыйланган адамда СССРдин жана Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдары бар болгон учурда «Даңк» медалынан кийин жайгашат.
-
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык жана рухий потенциалын арттырууда сиңирген эмгеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, билим берүү жана медицина чөйрөсүндө, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук ишиндеги олуттуу жетишкендиктери үчүн сыйланышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган адамга “Ардак белги” белгиси тапшырылат.
“Ардак белги” төш белгиси көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын ардак наамы болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин тагылат.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тик бурчтук формасына ээ. Ардак грамотанын негизи пресстелген картондон жасалган, ал крап түсүндөгү винил булгаары менен капталган.
Ардак грамотанын негизинин алдынкы бетинде Ардак грамотанын тексттик бөлүгүн жазуу үчүн жылтырак кагазда басылган 2 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу формадагы оюк бар.
Алдынкы бетинин жогорку бөлүгүнүн борборунда түшүмдүүлүктүн жана меймандостуктун символу болгон буудайдын машактары менен курчалган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин эки тарабында ысытылган алтын менен басылган тоо кыркаларынын стилдештирилген сүрөтү жайгашкан.
Ардак грамотанын төмөн жагынын борборунда “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АРДАК ГРАМОТАСЫ” деген текст жайгашкан, андан ары ар бир өзүнчө учурда жекече аныкталуучу сыйланып жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана мамлекеттик тилдеги текст жазылат.
Ардак грамотанын төмөнкү бөлүгүндө катары менен “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ” деген текст, Кыргыз Республикасынын Президентинин инициалдары жана фамилиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын датасы жана номери жайгаштырылган.
Ардак грамотанын арткы бетинде аны түз жерге коюу үчүн ачылуучу буту жана дубалга илүү үчүн “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ” деген рельефтүү жазуусу бар жылмаланган болоттон жасалган илгичи болот. Негизинин өлчөмү: эни – 365 мм, бийиктиги – 295 мм, калыңдыгы – 25 мм.
Ардак грамотанын үстүнкү жана төмөнкү жактары полимердик кыюулар менен жабылган, ага алтындын буусу менен түшүрүлгөн кыргыздын улуттук оюму тартылган.
Жогорку оң бурчунда Ардак грамотанын “Ардак белги” төш белгиси үчүн крап түсүндөгү булгаары менен капталган металл кыюу бар.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына “Ардак белги” төш белгиси тик бурчтук формасында, өлчөмү 20 мм х 28 мм, алтын менен капталган күмүштөн жасалат, төш белгинин чет жактарында вертикалдуу кыргыз улуттук оюму чегерилген.
Үстүнкү бөлүгүндө кызыл түстөгү эмаль менен капталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун символдоштурган тик бурчтук, анын фонунун оң тарабында “Ардак белги” деген жазуу жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгүндө ардак жана даңктын символу болгон – рельефтүү лавр бутагы жайгаштырылган.
Төш белгинин арткы бетинде катар номери чегип жазылган, бекитмеси визор түрүндө.
-
Экинчи категориядагы ардак наамдар Экинчи категориядагы ардак наамдар
1. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардак наамы, көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, маданият жана искусство жаатында 15 жылдан кем эмес иштеген, театралдык, музыкалык, кино, теле жана радио жана цирк искусствосу жаатында жалпы элге таанылган жогорку көркөм образдарды, спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди жараткан жогорку кесипкөй артисттерге, дирижерлорго, режиссерлорго, операторлорго, коюучу-сүрөтчүлөргө, костюмдар боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармаларды аткаруучуларга, музыкалык, хордук, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.
2. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген бардык адистиктеги жогорку кесипкөй дарыгерлерге, иш практикасында медициналык илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен дарылоо-алдын алуу жардамдарын уюштурууда жана көрсөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.
3. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” ардак наамы техникалык прогресске жана экономикага олуттуу салым кошкон, өндүрүшкө киргизилген, мамлекеттик мааниси чоң ойлоп табуулар үчүн, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү ойлоп табуучулук иши үчүн авторлорго ыйгарылат.
4. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, курулушту, курулуш индустриясын жана архитектураны өнүктүрүүдө, архитектуралык эстеликтерди реставрациялоодо, ошондой эле капиталдык курулуштун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууда көрүнүктүү эмгектери үчүн, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, курулуш жана курулуш индустриясы, илимий-изилдөө жана долбоорлоо мекемелери, окуу жайлары жана башка органдар жаатындагы жогорку квалификациялуу кызматкерлерге ыйгарылат.
5. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, окуучулардын терең билим алышын, алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу педагогикалык жана тарбиялык иште өзгөчө айырмаланган билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй мугалимдерине ыйгарылат.
6. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоодо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо, укуктук мамлекетти калыптандырууда, юридикалык илимди өнүктүрүүдө, юридикалык кадрларды даярдоодо сиңирген олуттуу эмгеги бар жогорку квалификациялуу юристтерге ыйгарылат.
7. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, экономикалык иш жана финансылык иш, мамлекеттик аудит, экономикалык илимди жана финансылык рынокту өнүктүрүү жаатында чоң эмгек сиңирген, мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жогорку квалификациялуу экономисттерге жана ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерине ыйгарылат.
8. “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы өзгөчө чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө, чыгармачыл кадрларды даярдоого олуттуу салым кошкон, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо чоң ийгиликтерге жетишкен жогорку кесипкөй режиссерлорго, композиторлорго, дирижерлорго, балетмейстерлерге, хормейстерлерге, концертмейстерлерге, дизайнерлерге, искусство таануучуларга, жазуучуларга, журналисттерге, сүрөтчүлөргө, декоративдик-колдонмо искусство чеберлерине жана маданият жана искусство мекемелеринин башка кызматкерлерине ыйгарылат.
9. “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы илимдин жана техниканын артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгууга, таанылган илимий мектептерди түзүүгө, илимий кадрларды тарбиялоого жана даярдоого сиңирген эмгеги үчүн илимдин кандидаты же доктору окумуштуулук даражасы бар окумуштууларга, ошондой эле илим жана техника жаатындагы көрүнүктүү эмгектери, техникалык прогресске олуттуу салым кошкон жана жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары жана ишке киргизилген рационализатордук сунуштары үчүн өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда, ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен конструктордук жана технологиялык уюмдардын, өндүрүштүк жана илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, машина куруу, өндүрүштүк жана илимий-изилдөө уюмдарынын, жогорку окуу жайлардын технологиялык борборлорунун жана лабораторияларынын кызматкерлерине ыйгарылат.
10. “Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, пайдалуу кендерди табуу, чалгындоо жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө өткөрүп берүү, гидрогеология жана инженердик геология, экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү, геологиялык илимди өнүктүрүү жаатында айырмаланган, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жетишкен геологиялык, геофизикалык, гидрогеологиялык, топографиялык-геодезиялык уюмдардын, илимий-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайларынын жогорку кесипкөй инженердик-техникалык кызматкерлерине жана кызматчыларына ыйгарылат.
11. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы мамлекеттик кызматта 15 жылдан кем эмес иштеген, мамлекеттик кызмат жаатында сиңирген зор эмгеги, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, мамлекеттик кызмат системасын өркүндөткөндүгү жана мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги үчүн мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылат.
12. “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы саламаттык сактоо тармагында 15 жылдан кем эмес иштеген, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда чоң ийгиликтерге жетишкен, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине ыйгарылат.
13. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы 15 жылдан кем эмес иштеген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда кошкон зор салымы жана сиңирген эмгеги, муниципалдык кызмат системасын өркүндөткөндүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда ийгиликтери үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлерине ыйгарылат.
14. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, ушул чөйрөдө 15 жылдан кем эмес иштеген билим берүү уюмдарынын, билим берүүнү башкаруу органдарынын, билим берүү системасынын илимий-изилдөө институттарынын жогорку кесипкөй илимий-педагогикалык жана башка кызматкерлерине педагогикалык жана тарбиялоо ишине, инновациялык окуу-методикалык куралдарды, программаларды, методикаларды түзүүдө сиңирген эмгеги, билим берүү процессин илимий-методикалык камсыздоого катышкандыгы үчүн ыйгарылат.
15. “Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жаатында 15 жылдан кем эмес иштеген жаратылышты коргоо органдарынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине, экологиялык проблемалар менен иштеген илимий-изилдөө жана башка мекемелердин кызматкерлерине жаратылыш ресурстарын сактоодо, аз калдыктуу жана калдыксыз курулмаларды иштеп чыгууда жана өздөштүрүүдө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоодо сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.
16. “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы чийки затты казып алууда, продукция өндүрүүдө, анын сапатын жакшыртууда сиңирген эмгеги үчүн бул тармакта 10 жылдан кем эмес иштеген, экономиканын өнөр жай тармактарынын түрдүү уюмдарынын, кен казуу өнөр жайынын жогорку кесипкөй жумушчуларына, мастерлерине, инженердик-техникалык кызматкерлерине, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, бул тармакта 15 жылдан кем эмес иштеген энергетика жана өнөр жай жаатындагы жумушчуларга жана инженердик-техникалык кызматкерлерге, ошондой эле илимдин жана техниканын жетишкендиктерин ишке киргизүүнүн, технологияны өркүндөтүүнүн, өндүрүштүк процесстерди механикалаштыруунун жана автоматташтыруунун эсебинен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда, продукция чыгарууну көбөйтүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө, технологиялык, долбоордук-конструктордук уюмдардын кызматкерлерине ыйгарылат.
17. “Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы байланыш каражаттарын өнүктүрүүдө, модернизациялоодо, эксплуатациялоодо, калкты тейлөөнү жакшыртууда, принциптүү жаңы жогорку натыйжалуу техниканы жана технологияны иштеп чыгууда жана киргизүүдө сиңирген олуттуу эмгеги бар, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, бул чөйрөдө 15 жылдан кем эмес иштеген, телекоммуникация, көрсөтүү, почта байланышы, байланыштын курулуш, оңдоо, долбоорлоо ишканалары жаатындагы, байланыш жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.
18. “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы айыл чарба өндүрүшү тармактарын өнүктүрүүдө: илимдин, техниканын жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны жана чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын ишке киргизүүнүн негизинде түшүмдүүлүктү, жердин күрдүүлүгүн жогорулатууга, мамлекетке жана калкка жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын сатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, бул чөйрөдө 15 жылдан кем эмес иштеген, мамлекеттик органдардын, агрардык өнөр жай комплексинин жана айыл чарба жаатындагы башка уюмдардын жогорку кесипкөй кызматкерлерине, ошондой эле агрардык реформаны жүргүзүүгө жигердүү катышкан адамдарга ыйгарылат.
19. “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, калкты тейлөө чөйрөсүндө 15 жылдан кем эмес иштеген, калкка турмуш-тиричилик, соода, турак жай, коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн, тейлөөнүн формаларын жана методдорун иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө, жарандарга социалдык жардамды жана аларды пенсия менен камсыздоону уюштурууда, маданий-эс алуу ишин жана туризмди өнүктүрүүдө сиңирген олуттуу эмгеги үчүн калкты тейлөө чөйрөсүндөгү мекемелердин жана уюмдардын жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.
20. “Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы өндүрүштүк тапшырмаларды аткарууда, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууда өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда жана транспорт каражаттарын пайдаланууну жакшыртууда сиңирген эмгеги үчүн илимдин, техниканын жетишкендиктерин жана эмгектин алдынкы методдорун өндүрүшкө киргизүүнүн негизинде жогору көрсөткүчтөргө жетишкен, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, транспорт тармагында 15 жылдан кем эмес иштеген, темир жол, аба, суу, автомобиль жана транспорттун башка түрлөрүнүн, мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана долбоордук уюмдардын, окуу жайларынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.
21. “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы дене тарбия жана спорт жаатында 15 жылдан кем эмес иштеген, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, калктын дене тарбия системасын, массалык спортту, жогорку жетишкендиктеги спортту өркүндөтүүгө, кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө сиңирген олуттуу эмгеги үчүн, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү камсыз кылуучу уюштуруу-методикалык, окутуу-машыктыруу, тарбиялоо, инженердик-техникалык, илимий-педагогикалык жана чарбалык иштеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн дене тарбия жана спорт мекемелеринин жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.
22. “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери” ардак наамы авариялардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын алдын алууда жана алардын кесепеттерин жоюуда ынтаасын коюп иштегени үчүн, башкаруу органдарын, авариялык-куткаруу кызматтарынын күчтөрүн жана каражаттарын, авариялык-куткаруу түзүмдөрүн өзгөчө кырдаалдар зонасына чыгарууга жана тейлөө объекттеринде же аймактарында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө ар дайым даярдыкта кармоодо жеке сиңирген эмгеги үчүн, өзгөчө кырдаалдар шарттарында калкты иш-аракеттерге даярдоого катышкандыгы үчүн, авариялык-куткаруу кызматтары жана авариялык-куткаруу түзүмдөрү үчүн квалификациялуу кадрларды тарбиялоодо, окутууда, даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун Жарандык коргонуу кызматтарынын жана авариялык-куткаруу түзүмдөрүнүн Жарандык коргонуу жаатында 15 жылдан кем эмес иштеген жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.
23. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” ардак наамы Кыргыз Республикасынын жараны же чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, ошондой эле ишкердик чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген ишкердик иштин субъектинин уюштуруучусуна ыйгарылат.
Ишкердик иштин субъекти төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш:
– “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” жана “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалгыз уюштуруучу болуп саналган же уставдык же акционердик капиталынын 50 пайызынан ашык өлчөмдөгү үлүшкө ээ болгон уюштуруучу тарабынан түзүлгөн;
– Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жана 1 (бир) миллион сомдон кем эмес өлчөмдө толук төлөнгөн уставдык капиталга ээ;
– республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге карызы болбогон;
– кошумча нарктын жогорку даражасындагы инновациялык, импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган продукцияны чыгаруучу жана чакан же орто ишкердиктин субъекттеринин категориясына кирген;
– Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кайрымдуулук ишин жүргүзгөн;
– иш мезгилинде банкроттук жол-жобосун демилгелөөгө же болбосо өтүүгө дуушар болбогон.
Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.
Төш белги көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирген ардак наамы болсо, ал белгиден кийин тагылат.
Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белги эки бөлүктөн – бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм асмадан турат.
Алтын менен капталган күмүштөн жасалган түз формадагы калып штамповка методу менен жасалган, өлчөмү 26 мм х 17 мм болгон калыптын алдынкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жайгашкан.
Асма алтын менен капталган күмүштөн жасалган, анын үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун (күндүн нуру менен кыюуланган түндүктүн стилдештирилген сүрөтү) рельефтүү элементи жайгашкан. Борборунда “Кыргыз Республикасы” деген рельефтүү жазуу жайгаштырылган.
Асманын арткы бетинде белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекитмеси бар.
-
"Ата Мекен Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы "Ата Мекен Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы
“Ата Мекен Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка жарандарына мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, адамдарды куткаруу, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өмүр тобокелдиги менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган жан аябас эрдиги үчүн ыйгарылат.
“Ата Мекен Баатыры” жана “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражалары, ошондой эле “Эрдик” ордени менен жарандарды сыйлоо Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн каза болгондон кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн.
“Ата Мекен Баатыры” артыкчылык даражасы ушундай эле аталыштагы өзгөчө белгини жана тиешелүү ырастаманы тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.
“Ата Мекен Баатыры” өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендеринин жана медалдарынын үстүнө тагылат.
“Ата Мекен Баатыры” өзгөчө белгиси күмүштөн жасалган жана алтын менен капталган беш бурчтуу пластина фонунда беш бурчтуу жылдыз жана калып түрүндө болот.
Беш бурчтуу күмүш пластина өзгөчө белгинин негизи болот, пластинанын учтарынын ортосундагы аралыкта жети күмүш нур чыгып турат.
Беш бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтын менен капталган, жылдыздын нурларынын учтарында шариктер болот.
Өзгөчө белгинин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган тегеректе “Ата Мекен Баатыры” деген жазуу жана эки жылдызча менен ак фондо Кыргыз Республикасынын аймагынын рельефтүү географиялык сүрөтү жайгашкан. “Ата Мекен Баатыры” деген жазуу жана эки жылдызча дөмпөйтүлүп, алтын жалатылган жана түстүү эмаль менен жасалган хаки түстөгү фондо жайгаштырылган.
Алтын жалатылган беш бурчтуу жылдыздын жана пластинанын диаметри – 40 мм, капталган сырткы тегеректики – 20 мм жана ички тегеректики – 15 мм.
Калып тумар (үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары) түрүндө берилген, эрдикти, каармандыкты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин (мамлекеттүүлүктү) жана тынчтыктын символу болгон көгүлтүр асманды символдоштурган үч – хаки, кызыл жана кочкул-көк түскө бөлүнгөн.
Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде өзгөчө белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекиткичи бар.
-
I даражадагы "Эрдик" ордени I даражадагы "Эрдик" ордени
I даражадагы “Эрдик” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктар, өрт, кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда көрсөткөн жан аябас жосуну, каармандыгы жана эрдиги үчүн, ошондой эле өмүр тобокелдиги менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн сыйланат.
“Эрдик” ордени төштүн сол тарабына “Данакер” орденинен кийин тагылат.
I даражадагы “Эрдик” ордени алтын менен капталган күмүштөн жасалган жана эки бөлүктөн турат – беш бурчтуу пластинанда беш бурчтуу жылдыздан жана калыптан.
Диаметри 40 мм болгон жылдыз формасындагы беш бурчтуу пластина жана беш бурчтуу жылдыз ордендин негизи болот, анын учтарынын ортосундагы аралыкта тогуз нур чыгып турат.
Ордендин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган сырткы тегеректе көк эмаль фондо “Эрдик” деген рельефтүү жазуу жана күн нурлары бар. Капталган тегеректин борборунда – көк эмаль фондо кайраттуулуктун, чыдамкайлыктын жана даанышмандыктын символу болгон ак илбирстин алтын жалатылган рельефтүү сүрөтү бар.
Алтын жалатылган беш бурчтуу жылдыздын жана пластинанын диаметри 40 мм, капталган сырткы тегеректики 28 мм жана ичкисиники 18 мм.
Өлчөмү 28 мм х 20 мм болгон калып муздак метод аркылуу көк түстөгү эмаль менен толтурулган. Калыптын ортосунан туурасы 2 мм болгон вертикалдуу алтын жалатылган сызык өтөт.
Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде ордендин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекиткичи бар.
-
II даражадагы "Эрдик" ордени II даражадагы "Эрдик" ордени
II даражадагы “Эрдик” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктар, өрт, кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда көрсөткөн жан аябас жосуну, каармандыгы жана эрдиги үчүн, ошондой эле өмүр тобокелдиги менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн сыйланат.
“Эрдик” ордени төштүн сол тарабына “Данакер” орденинен кийин тагылат.
II даражадагы “Эрдик” ордени I даражадагы “Эрдик” ордени менен бирдей, диаметри 40 мм болгон жылдыз формасындагы беш бурчтуу алтын жалатылган пластина жана беш бурчтуу күмүш жылдыз ордендин негизи болот, анын учтарынынын ортосундагы аралыкта тогуз нур чыгып турат.
Ордендин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган тегеректе көк эмаль фондо “Эрдик” деген алтын жалатылган рельефтүү жазуу жана күмүш күн нурлары бар. Капталган тегеректин борборунда – көк эмаль фондо кайраттуулуктун, чыдамкайлыктын жана даанышмандыктын символу болгон ак илбирстин алтын жалатылган рельефтүү сүрөтү бар.
Беш бурчтуу жылдыздын жана пластинанын диаметри 40 мм, капталган сырткы тегеректики 28 мм жана ичкисиники 18 мм.
Калып өлчөмү 28 мм х 20 мм болгон күмүштөн жасалган, муздак метод аркылуу көк түстөгү эмаль менен толтурулган. Калыптын ортосунан ар биринин туурасы 2 мм болгон вертикалдуу алтын жалатылган эки сызык өтөт. Эки сызыктын ортосундагы аралык 2 мм.
Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде ордендин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар.
-
III даражадагы "Эрдик" ордени III даражадагы "Эрдик" ордени
III даражадагы “Эрдик” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктар, өрт, кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда көрсөткөн жан аябас жосуну, каармандыгы жана эрдиги үчүн, ошондой эле өмүр тобокелдиги менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн сыйланат.
“Эрдик” ордени төштүн сол тарабына “Данакер” орденинен кийин тагылат.
III даражадагы “Эрдик” ордени I даражадагы “Эрдик” орден менен бирдей, айрым элементтери алтың менен капталбастан күмүштөн жасалат. Көк түстөгү эмаль каптамасы калат.
Беш бурчтуу жылдыздын тогуз нуру карартуу методу менен капталган.
Өлчөмү 28 мм х 20 мм болгон күмүштөн жасалган калып муздак метод аркылуу көк түстөгү эмаль менен толтурулган. Калыптын ортосунан ар биринин туурасы 2 мм болгон вертикалдуу үч сызык өтөт. Алардын ортосундагы аралык 2 мм.
Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде ордендин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекиткичи бар.
-
"Эрдик" медалы "Эрдик" медалы
Эрдик" медалы менен жарандар адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктардын, өрттүн, кыйроолордун жана башка өзгөчө кырдаалдардын убагында көрсөткөн каармандыгы, эрдиги жана кайратмандыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык жана жарандык парзын аткарып жатып жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракеттери үчүн сыйланышат. "Эрдик" медалы төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.