Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо
1. Бул Жобо Кыргыз
Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук
актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жободо
сыйлоо материалдарын тариздөө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына,
ардак наамдарына сунуштоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана
ардак наамдарынын төш белгилерин тапшыруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарына, ардак наамдарына карата белгилердин жана документтердин
дубликаттарын берүү тартиби, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
тартиби каралган.
2-глава.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак
наамдарын ыйгарууга сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттер
3. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына көрсөтүү сунуштары
ушул Жобонун 21-23-пункттарында көрсөтүлгөн зарыл документтер таризделгенден
кийин расмий бланкта Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга сунуш
киргизүү укугуна ээ болгон төмөнкү ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан
киргизилет (мындан ары - ыйгарым укуктуу субъект):
1) Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
2) Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери, парламенттик фракциялары жана
депутаттык топтору;
3) Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
4) Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;
5) Кыргыз
Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;
6) Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү;
7) Кыргыз
Республикасынын Башкы прокурору;
8) Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
9) Кыргыз
Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
10) Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
11) Кыргыз
Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
төрагасы;
12) Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;
13) Кыргыз
Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
14) Кыргыз
Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
15) Бишкек жана Ош
шаарларынын мэрлери.
4. Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка мамлекеттик
органдар, мекемелер, уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын
ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же Кыргыз
Республикасынын тийиштүү министрликтери жана мамлекеттик комитет аркылуу
киргизет.
5. Сунуштарга
мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колу коюлат, алар жок болгон учурда -
жетекчинин милдеттерин аткаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү тиркелип, орун
басарларынын колу коюлат.
3-глава.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуштоо
тартиби
6. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын
ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтөр ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары,
айыл өкмөттөрү, райондук же облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек
шаарынын мэриясынын административдик райондору боюнча муниципалдык
администрациялары, ошондой эле ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан
демилгеленет.
7. Бишкек жана Ош
шаарларынын чектеринен тышкары жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын
жамааттары, айыл өкмөттөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо
материалдарын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтүшөт, алар
материалдарды карап чыккандан кийин ыйгарым укуктуу субъекттердин дарегине
жөнөтүшөт.
8. Бишкек жана Ош
шаарларынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын
жамааттары, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын
административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары сыйлоо
материалдарын ыйгарым укуктуу субъекттердин кароосуна жөнөтүшөт.
9. Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Жетекчиси "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен
сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү
демилгелей алышат.
10. Кыргыз
Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын,
укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик
сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтү демилгелөө тартиби Кыргыз
Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан аныкталат.
11. Чет өлкөдө
жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды
жана жарандыгы жок адамдарды сыйлоого сунуштар Кыргыз Республикасынын Тышкы
иштер министрлиги же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан
киргизилет.
12. Кыргыз
Республикасынын юридикалык жактарын жана административдик-аймактык бирдиктерин
сыйлоого сунуштар жалпы негиздерде ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан
киргизилет.
13. Сунушка жана
сыйлоо барагына кол койгон кызмат адамдары аларда көрсөтүлгөн маалыматтын
аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
14. Талапкердин
статусу өзгөргөндө (ишинен бошосо, башка ишке которулса, тартиптик жаза
колдонулса, кылмыш иши козголсо, жарандыгын өзгөртсө, каза болсо), аны сунуш
кылган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
мамлекеттик сыйлыктар маселелерин караган түзүмдүк бөлүмүнө (мындан ары -
ыйгарым укуктуу бөлүм) жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
15. Соттуулугу
жоюлбаган же алып салынбаган адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуш кылууга жол берилбейт.
16. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамын ыйгарууга сунуш
кылынган ар бир талапкерге белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы (№ 1 форма
тиркелет) толтурулат.
17. Мамлекеттик
сыйлыкка көрсөтүлгөн юридикалык жакка же Кыргыз Республикасынын
административдик-аймактык бирдигине белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы (№ 2
форма тиркелет) толтурулат.
18. Сыйлоо
барагында сыйлануучунун инсандык сапатын мүнөздөгөн маалыматтар, жалпы иш
стажы, анын ичинде тармактагы жана ушул жамааттагы стажы, конкреттүү сиңирген
эмгектери, ишинин натыйжалуулугунун жана сапатынын көрсөткүчтөрү; өндүрүштө
иштеген адамдар үчүн - ишинин негизги натыйжалары камтылат; ал сунушталган
мамлекеттик сыйлык, ардак наам көрсөтүлөт, анда белгиленген графалар туура жана
так толтурулууга тийиш.
19. Сыйлоо
материалдары ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан "Мамлекеттик
сыйлыктар" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары -
"Мамлекеттик сыйлыктар" АМС) аркылуу электрондук түрдө берилет.
Мамлекеттик
жашыруун маалыматтарды камтыган сыйлоо материалдар жазуу жүзүндө белгиленген
тартипте берилет.
"Мамлекеттик
сыйлыктар" АМС Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
менчиги болуп саналат.
20. Жеке жактардын
жеке маалыматтары паспортунун негизинде, юридикалык жактардын маалыматтары -
мамлекеттик каттоо жөнүндө маалымкаттын (күбөлүк) негизинде толтурулууга тийиш.
21. Жеке жактар
үчүн туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз
Республикасынын Президентинин атына сунуш;
2) сыйлоо барагы;
3) коллегиалдуу
органдын токтомдорунан же чечимдеринен көчүрмөлөр, сыйлоого сунушталган
талапкерди талкуулоо жыйынынын протоколдорунун көчүрмөлөрү;
4) паспортунун
көчүрмөсү, эмгек китепчесинин, дипломдорунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн
көчүрмөлөрү жана сиңирген эмгегин тастыктаган башка документтер
(сертификаттардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак
наамдарына карата документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү ж.б.);
5) соттуулугу жок
экендиги жөнүндө маалымкат;
6) мамлекеттик же
муниципалдык кызматчы, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын
кызматкери болуп саналган талапкерлерге карата өтүнүч берген уюмдан тартиптик
жазанын жоктугу жөнүндө маалымкат;
7) окумуштуулук
даражасын тастыктаган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
22. "Кыргыз
Республикасынын эмгек сиңирген ишкери" ардак наамына ушул Жобонун
21-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү
камтыйт:
1) салык кызматы
жана статистика мамлекеттик органдарынан ишкердик субъектинин ишкердик
чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштегендигин тастыктаган маалымкаттар;
2) 1 (бир) миллион
сомдон кем эмес өлчөмдө уставдык капиталдын толук төлөнгөндүгүн тастыктаган
документтер;
3) республикалык
жана жергиликтүү бюджеттерге милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун
тастыктаган документтер;
4) акыркы беш жылда
улуттук валютада төлөнгөн салыктар жөнүндө маалымат;
5) "Чарбалык
шериктиктер жана коомдор жөнүндө" жана "Акционердик коомдор
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик субъект
жалгыз уюштуруучу болуп саналгандыгын же уставдык же акционердик капиталынын 50
пайызынан ашык өлчөмдөгү үлүшүнө ээ экендигин тастыктаган уюштуруу документтеринин
нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
6) иш мезгилинде
ишкердик субъектке банкроттук жол-жобо демилгеленбегендигин же
жүргүзүлбөгөндүгүн тастыктаган документ.
23. Юридикалык
жактар жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери үчүн
туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз
Республикасынын Президентинин атына сунуш;
2) сыйлоо барагы;
3) юридикалык
жактын же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин уставынын
көчүрмөсү;
4) юридикалык
жактын же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин
мамлекеттик каттоо жөнүндө маалымкаттын (күбөлүк) көчүрмөсү;
5) коллегиалдуу
органдын токтомдорунан же чечимдеринен көчүрмөлөр, сыйлоого сунушталган
талапкерди талкуулоо жыйынынын протоколдорунун көчүрмөлөрү.
24. Талапкердин
фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөн учурда тастыктоочу документти -
фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүктү же болбосо
фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө актынын жазуусунан
көчүрмөнү тиркөө зарыл.
25. Кыргыз
Республикасынын жаранында жеке идентификациялык номердин, ушул Жобонун 21,
22-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин жоктугу сыйлоо материалдарын
карабастан артка кайтарууга негиз болуп саналат.
26. Сыйлоо материалдары
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча
комиссиянын (мындан ары - Комиссия) чечими менен белгиленген мөөнөттөрдө
ыйгарым укуктуу бөлүмгө "Мамлекеттик сыйлыктар" АМСи аркылуу
жөнөтүлөт.
Белгиленген мөөнөт
аяктагандан кийин "Мамлекеттик сыйлыктар" АМСи сыйлоо материалдарын
кабыл алууну токтотот.
27. Ыйгарым укуктуу
субъекттерден ыйгарым укуктуу бөлүмгө жөнөтүлүүчү сыйлоо материалдарынын саны
Комиссиянын чечими менен аныкталат.
28. Оңдоолору бар,
туура эмес таризделген сыйлоо материалдары жана документтердин окууга мүмкүн
болбогон көчүрмөлөрү каралбайт.
29. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга
сыйлоо материалдарында так эмес маалыматтарды берүүгө жана негизсиз сунуштоого жол
берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке
жоопкерчилик тартат.
30. Баатырдык,
эрдик, кайраттуулук жана каармандык көрсөткөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле
сиңирген зор эмгеги, өндүрүштүк жана социалдык-маданий чөйрөнүн тармактарында
жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды кошпогондо, жаңы
сиңирген эмгеги үчүн кезектеги мамлекеттик сыйлыкка сунуштоого мурдагы
сыйлоодон кийин беш жыл өткөндөн кийин мүмкүн болот.
31. Даражасы бар
сыйлыктарды жана баатырдык, эрдик, кайраттуулук жана каармандык көрсөткөндүгү
үчүн сыйлыктарды кошпогондо, мурда сыйланган адамды Кыргыз Республикасынын ошол
эле мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамына кайталап сунуштоого жол берилбейт.
32. Эки жана андан
ашык ыйгарым укуктуу субъекттен бир эле талапкерди сунуштоого жол берилбейт.
Ыйгарым укуктуу субъект талапкерди сунуштаган учурда талапкер акыркы эки жыл
ичинде башка ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан сыйлыкка сунушталбаганын
аныктоо зарыл.
33. Жарандарды
юбилейлерине жана кесиптик майрамдарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоого жол берилбейт.
34. Ушул Жобонун
21-23, 44-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин колдонуу мөөнөтү Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого, ардак наамын ыйгаруу
жөнүндө өтүнүч демилгеленген учурдан тартып бир жыл өткөндөн кийин аяктайт.
35. Комиссиянын
чечимдерине байланышкан даттануулар, арыздар, кайрылуулар жана суроо-талаптар
каралбайт.
36. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйланган
адамдардын сыйлоо материалдарынын көчүрмөлөрү укук коргоо жана сот органдарынын
сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы суроо-талабы боюнча гана берилиши мүмкүн.
37. Комиссия
тарабынан сыйлоонун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган адамга
карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак
наамын ыйгарууга Комиссия аталган чечимди кабыл алган күндөн тартып эки жыл
өткөндөн кийин кайрадан сунуштоого болот.
4-глава.
"Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоого
сунуштоо тартиби жана сыйлоо материалдарын тариздөөгө талаптар
38. "Баатыр
эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоого сунуштар
Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы
ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ушул
Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер таризделгенден кийин расмий
бланкта киргизилет.
39. "Баатыр
эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр
айыл өкмөттөрү, райондук жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек
шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык
администрациялары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленет.
40. Айыл өкмөттөрү,
райондук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын жергиликтүү
мамлекеттик администрацияларга жөнөтөт, алар сыйлоо жөнүндө материалдарды
карайт жана андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин
облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дарегине жөнөтөт.
41. Облустук
маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын Кыргыз Республикасынын
Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дарегине жөнөтөт.
42. Бишкек шаарынын
мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары
сыйлоо материалдарын Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтөт.
43. Кыргыз
Республикасынын аймагынан тышкары жашаган көп балалуу энелерди сунуштоо Кыргыз
Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин өтүнүчү боюнча Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын
Президентине киргизилет.
44. Туура
таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз
Республикасынын Президентинин атына энелердин тизмесин камтыган сунуш;
2) сыйлоо барагы (№
3 форма тиркелет);
3) Кыргыз Республикасынын
Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын
мэрияларынын токтомдорунан же тескемелеринен көчүрмөлөр;
4) эненин
паспортунун көчүрмөсү;
5) бардык
балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн
көчүрмөлөрү;
6) эненин жана
балдарынын жашаган жана/же иштеген, окуган жеринен, аскердик бөлүктөн
маалымкаттар;
7) эненин жана
балдарынын соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкаттар;
8) асырап алынган
балдар бар болсо, асырап алынгандыгы жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык
күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет;
9) эненин же
балдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөн учурда, ырастоочу
документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл.
45. Иштеген
энелерге сыйлоо барактары иштеген жери боюнча, жумушсуз энелерге жана
пенсионерлерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулат,
аларга жетекчилери кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
46. Сыйлоо барагы
эненин паспортунун жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн
негизинде толтурулат.
47. Сыйлоо барагы
үй-бүлөсү тууралуу толук маалыматты, ошондой эле катталган жана жашаган жеринин
даректерин камтууга тийиш.
48. Энесинен өзүнчө
жашаган жашы жеткен балдарынын бар экендиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын маалымкаттары жана/же алар иштеген, окуган жердин маалымкаттары,
ал эми аскер кызматындагы балдары аскер бөлүктөрүнүн же аскер
комиссариаттарынын маалымкаттары менен ырасталат.
49. Жашы жете элек
балдары энесинен өзүнчө жашаган учурда өзүнчө жашап жаткандыгынын себеби
жөнүндө маалыматты камтыган баланын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын маалымкаты тиркелет.
50. Балдары Мекенди
жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адамдын өмүрүн сактоо боюнча
жарандык милдетти аткарууда, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыз
кылууда, күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын кесепетинен
(жол-транспорт кырсыгы, өндүрүштүк жаракаттар, өзгөчө кырдаалдардан алган
жаракаттар, оорулардын кесепеттери, киши өлтүрүүлөр жана эне менен баладан көз
каранды болбогон башка жагдайлар) каза болгондордун же дайынсыз жоголгондордун
балдарына Көп балалуу эненин баласынын өлүмүнүн себебин ырастоо боюнча
комиссиянын актысы (форма № 4 тиркелет) берилет.
Аталган комиссиянын
сандык курамы, анын иштөө мөөнөттөрү жана тартиби жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан бекитилет.
Эне менен баладан
көз каранды болбогон балдардын өлүмүнүн себебин ырастоо үчүн жогоруда аталган
комиссиянын курамына өтүнүч берүүчү органдын жетекчилери, жергиликтүү
саламаттыкты сактоо, ички иштер жана социалдык коргоо органдарынын
кызматкерлери киргизилүүгө тийиш.
51. Маалымкаттарда
камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн ага кол койгон кызмат адамдары аларда
жеке жоопкерчилик тартат.
52. Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте соттуулугу жоюлган же алып салынган
учурларды кошпогондо, балдарынын бирөөсү соттолгон болсо, энени мамлекеттик
сыйлыкка сунуштоого жол берилбейт.
53. Эгерде Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына талапкерге же мамлекеттик
сыйлыкка сунушталган көп балалуу эненин балдарына карата кылмыш-жаза иши
козголсо, сыйлоо материалдары тергөө аяктаганга, соттун актоочу чечими чыкканга
жана ал мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кабыл алынбайт.
54. Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына талапкерди же мамлекеттик сыйлыкка
сунушталган көп балалуу эненин балдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу
жөнүндө маалыматтар бар болсо жана соттун өкүмү жок болгон учурда жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдар бул иш боюнча акыркы актыны берүүгө милдеттүү.
55. Балдарынын бар
экендигин жана соттуулугунун жоктугун ырастоочу маалымкаттар бир жыл бою
жарактуу болот.
56. Кыргыз
Республикасынын чегинен тышкары жашаган балдарга жашаган өлкөнүн компетенттүү
органдары тарабынан берилген жашаган жана/же иштеген, окуган жеринен, аскердик
бөлүктөн маалымкат жана жашаган өлкөнүн жана Кыргыз Республикасынын
компетенттүү органдары берген соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкат
берилүүгө тийиш.
57. Чет тилде
берилген документтер мамлекеттик же расмий тилдерге которулушу жана нотариалдык
күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
58. Жетинчи баласы
бар болгон учурда, анын ичинде мурда "Баатыр эне" ордени менен
сыйланган энелерди "Эне даңкы" медалына сунуштоого жол берилбейт.
59. "Баатыр
эне" орденине жана "Эне даңкы" медалына негизсиз сунуштоо,
ошондой эле сыйлоо материалдарында камтылган анык эмес маалыматтар үчүн Кыргыз
Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек
жана Ош шаарларынын мэрлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке
жоопкерчилик тартат.
60. Энелерге сыйлоо
материалдары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу
өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан жыл сайын өтүп жаткан
жылдын 1-декабрынан тартып кийинки жылдын 31-январына чейин (эки ай ичинде)
ыйгарым укуктуу бөлүмгө "Мамлекеттик сыйлыктар" АМСи аркылуу
жөнөтүлүшү керек.
5-глава.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак
наамдарын ыйгаруунун тартиби
61. Кыргыз
Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен
сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарды чыгарат, алар Кыргыз
Республикасынын Президентинин расмий сайтына жана "Эркин Too"
гезитине жарыяланат.
62. "Баатыр
эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоону кошпогондо,
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйлоо
жылына эки жолу, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө жана
жылдын аягында берилет.
63. Ыйгарым укуктуу
бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө
жарлыктары, ошондой эле сыйланган адамдын жеке маалыматтары "Мамлекеттик
сыйлыктар" АМСине киргизилет.
64.
"Мамлекеттик сыйлыктар" АМСин толтуруу жана актуалдаштыруу боюнча
иштер ыйгарым укуктуу бөлүм, сыйлоо материалдарды жөнөтүү бөлүгүндө - ыйгарым
укуктуу субъекттер тарабынан жүргүзүлөт.
65. Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарына төш белгилерди Кыргыз
Республикасынын Президенти тапшырат, ошондой эле анын тапшырмасы боюнча жана
анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын Жетекчиси жана башка кызмат адамдары тапшырат.
66. "Баатыр
эне" орденин жана "Эне даңкы" медалын Бишкек жана Ош шаарларынын
мэрлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу
өкүлдөрү жана облустардагы, райондордогу жана айыл өкмөттөрдөгү башка кызмат
адамдары тапшырат.
67. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наам төш белгилерин тапшыруу
ачык-айкын жана салтанаттуу жагдайда жүргүзүлөт.
68. Кыргыз
Республикасынын Президентинин чечими боюнча белгилүү бир адамдарга Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын тапшыруу жабык
режимде уюштуруучулардын, сыйлануучулардын жана алардын жетекчилеринин
катышуусу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана бөтөн адамдарды
киргизбестен жүргүзүлүшү мүмкүн.
69. Жер-жерлерде
(Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, облустарда, ишканаларда,
мекемелерде, уюмдарда, ошондой эле сыйлануучунун үйүндө) Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наам төш белгилерин салтанаттуу тапшырууну
уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президенти
ыйгарым укук берген адамдарга жүктөлүшү мүмкүн.
70. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы жана ардак наам төш белгиси сыйлануучунун
жеке өзүнө тапшырылат.
71. Мамлекеттик
сыйлык тапшырыла элек сыйлануучу каза болгон учурда же каза болгондон кийин
сыйланганда сыйлык жана анын документтери жакын туугандарына же мураскерлерине
өткөрүп берилет.
72. Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыгын жана ардак наам төш белгисин тапшыруунун алдында Кыргыз
Республикасынын Президентинин Жарлыгы жарыяланат.
73. Тапшырылган
мамлекеттик сыйлык менен кошо төмөнкүлөр берилет:
1) "Кыргыз
Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон
адамга - тийиштүү китепче;
2) "Ата Мекен
Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасына татыктуу болгон
адамга - тийиштүү китепче;
3) "Эмгек
Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасына татыктуу болгон
адамга - тийиштүү китепче;
4) орден менен
сыйланган адамга - тийиштүү орден китепчеси;
5) медаль менен
сыйланган адамга - медалга тийиштүү күбөлүк;
6) ардак наамга
татыктуу болгон адамга - ардак наам күбөлүгү жана төш белгиси;
7) Кыргыз
Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган адамга - "Ардак
белги" төш белгиси.
74. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына карата ушул Жобонун
73-пунктунда көрсөтүлгөн документтер мөөнөтсүз болуп саналат жана сыйлануучунун
фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылбайт. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын документтеринде
кандайдыр бир оңдоолорго жол берилбейт.
6-глава.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын жокко чыгаруу жана ага
өзгөртүүлөрдү киргизүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана
ардак наамдарын алып коюу
75. Кыргыз
Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен
сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкты төмөнкү учурларда жокко
чыгарат:
1) Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыратуу түрүндө жазаны
колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
2) сыйлоо
материалдарында анык эмес маалыматтар берилсе;
3) энени
"Баатыр эне" ордени же "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо
негизсиз болсо;
4) сыйлануучу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан эл алдында же
жазуу жүзүндө баш тартса.
76. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыратуу жөнүндө соттун
өкүмү чыгарылган жаран өкүм күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары менен сыйланган адамдар үчүн Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген социалдык кепилдиктерди алуу укугун
жоготот.
77. Сыйлоо
материалдарында анык эмес маалыматтар берилгендиги сыйлануучунун сыйлоо
материалдарында анык эмес жана (же) жалган маалыматтардын камтылышына
байланыштуу Комиссиянын чечими менен аныкталат.
78. Сыйлоонун
негизсиздиги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак
наамдары жана сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана
ушул Жободо аныкталган талаптарга ылайык келбеген көп балалуу энени
"Баатыр эне" ордени же "Эне даңкы" медалы менен сыйлоого
байланыштуу Комиссиянын бул мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо үчүн талапкерге
карата чечими менен аныкталат (ошол эле сыйлык менен кайталап сыйлоо,
балдарынын саны белгилүү бир сыйлык менен сыйлоо үчүн балдардын санына ылайык
келбөөсү жана ушул Жобонун башка талаптары).
79. Эл алдында баш
тартуу деп сыйлануучунун жалпыга маалымдоо каражаттарында, телекөрсөтүү
аркылуу, чогулуштарда, иш-чараларда, митингдерде, аудиториянын алдында Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тартуу жөнүндө эл
алдында билдирүүсү таанылат.
80. Жазуу жүзүндөгү
баш тартуу деп сыйлануучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же
ардак наамынан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине
эркин формадагы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү таанылат.
81. Сыйлануучунун
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тартуусун
ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан баш тартуу жөнүндө акт (№ 5 форма
тиркелет) таризделет, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак
наамынан баш тарткан адамдын колу коюлат.
82. Баш тартуу
жөнүндө актыга 30 календарлык күндүн ичинде кол коюлбаган учурда Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тарткан адамдын
дарегине баш тартуу жөнүндө акт анын кол коюусуз таризделгендиги тууралуу
билдирүү менен кат жөнөтүлөт.
83. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тарткан адам
билдирүү менен катты алган учурдан тартып 10 календарлык күн өткөндөн кийин баш
тартуу жөнүндө актынын 4-пунктунда тийиштүү белги коюлат.
84. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу
жөнүндө жарлыгын жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы чыгарылат.
85. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу
жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу
жарлык күчүнө кирген күндөн тартып сыйлангандар үчүн ушул Жобонун 75-пунктунун
1-пунктчасында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген бардык социалдык кепилдиктердин жокко чыгарылышына
алып келет.
86. Кыргыз
Республикасынын Президентинин Жарлыгы жокко чыгарылган учурда Кыргыз
Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылган адамга тапшырылган Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак наам төш белгиси жана алардын документтери
алынууга тийиш.
87. Кыргыз
Республикасынын алып коюлган мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наам төш
белгилери, ошондой эле алардын документтери мамлекеттик сыйлыктар фондуна
өткөрүп берилет.
88. Мыйзамсыз ээлик
кылган адамдардан укук коргоо жана бажы органдары тарабынан алып коюлган,
ошондой эле ээси аныкталбаган мамлекеттик сыйлыктар ыйгарым укуктуу бөлүмгө
өткөрүп берилет.
89. Соттун күчүнө
кирген өкүмүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак
наам белгиси жана алардын документтери соттун өкүмүн аткаруу үчүн белгиленген
тартипте алып коюлат.
90. Сыйлануучу
мамлекеттик сыйлыктан ажыратылган соттун өкүмү реабилитациялык негиздер боюнча
жокко чыгарылса, бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына,
ардак наамына карата укук калыбына келтирилүүгө тийиш.
91. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамына карата укуктарды
калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан
ажыраган адамдын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
92. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына карата укуктарды калыбына
келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгат, мында
сыйлануучуга же анын мураскерлерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы,
ардак наам төш белгиси жана алардын документтери кайтарылат.
93. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына карата укуктарды калыбына
келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы күчүнө киргенден
кийин аны сыйлоо жөнүндө жарлык жокко чыгарылган учурдан тартып сыйлануучунун
социалдык кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак наамы
калыбына келтирилет.
94. Кыргыз
Республикасынын Президентинин Жарлыгында сыйлануучунун аты-жөнүн жазууда
(фамилиясы, аты, атасынын аты) каталар табылган учурда ага тийиштүү өзгөртүүлөр
киргизилиши мүмкүн.
95. Жарлык
чыккандан кийин сыйлануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө
байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүүгө жол берилбейт.
7-глава.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына белгилердин
жана документтердин дубликаттарын берүү
96. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин
дубликаттары согуштук жагдайда же табигый кырсыктын натыйжасында жоголгон
учурларда ал адамды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого,
ардак наамын ыйгарууга көрсөткөн ыйгарым укуктуу субъекттердин өтүнүчү боюнча
берилиши мүмкүн.
97. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жоголуп кеткендин
ордуна же сыйлануучунун фамилиясын, атын, атасынын атын жазууда каталар
табылса, ал адамды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого,
ардак наамын ыйгарууга көрсөткөн ыйгарым укуктуу субъекттердин өтүнүчү боюнча
сыйлангандарга документтердин дубликаттары берилет.
98. Сыйлануучу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына белгинин жана
документтин дубликатын берүү жөнүндө арызы менен, аны сыйлыкка көрсөткөн
органга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына белгинин
жана документтин жоголгон жагдайларын көрсөтүү менен кайрыла алат.
Эгерде Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына документтер табигый
кырсыктын кесепетинен же бул документтердин жоголушун болтурбоо мүмкүн болбогон
башка жагдайларда жоголсо же жок кылынса, табылгалар бюросу же өзгөчө
кырдаалдар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан маалымкат берилет.
99. Бул адамды
сыйлыкка көрсөткөн органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына,
ардак наамдарына белгилердин жана документтердин жоголуп кеткен жагдайларын
текшергенден жана дубликатты берүү жөнүндө арызды карагандан кийин, дубликатты
берүү жөнүндө өтүнүчүн, сыйлануучунун арызын, тиешелүү маалымкаттарын жана
паспортунун көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу бөлүмгө жөнөтөт. Өтүнүчтө Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына белгилердин жана
документтердин жоголуп кеткен жагдайлары көрсөтүлөт.
100. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын белгилеринин
дубликаттары арткы бетине "дубликат" деген жазуу менен берилет.
101. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтердин
дубликаттары документтердин колдонуудагы үлгүлөрүнүн бланктарында жогорку оң
бурчуна "дубликат" деген жазуу менен берилет, Комиссиянын төрагасынын
колу коюлат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мөөрү
менен күбөлөндүрүлөт.
102. Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына белгилердин жана
документтердин дубликаттары ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан дубликатты берүү
жөнүндө өтүнүчтү демилгелеген органга жөнөтүлөт, ал аларды сыйлануучуларга
өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
103. Баалуу металлдарды
камтыган мамлекеттик сыйлыктардын белгилеринин дубликаттары берилбейт.