Сыйлыктар жөнүндө
-
"Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы
“Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган эрдиги менен байланышкан мамлекетке жана коомго сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылат.
Мамлекеттин жана коомдун алдында өзгөчө эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын көзү өткөндөн кийин да ыйгаруу жүргүзүлөт.
“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин жана тиешелүү ырастаманы тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.
“Ак Шумкар” өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына “Ата Мекен Баатыры” жана “Эмгек Баатыры” өзгөчө белгилеринин үстүнө тагылат.
“Ак Шумкар” өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 мм бөлгөн айлананы түзгөн жогорку деңгээлдеги сегиз нурдан жана диаметри 30 мм болгон айлананы түзгөн төмөнкү деңгээлдеги он алты нурдан турган симметриялык жылдыз түрүндө болот.
Жылдыздын нурларынын, кырларынын көрүнүшү жана формасы тоолордун чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат.
Жылдыздын борбордук бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюмунун элементтери бар лавр веногу менен алкакталган, ак алтындан каптама жайгаштырылган. Каптаманын борборунда алтын фондогу ыйык “Ак Шумкардын” рельефтүү сүрөтү жайгашкан. Анын жогорку бөлүгүндө өлкөнүн жети облусун символдоштуруучу жети бурчтуу жылдыздын рельефтик сүрөтү жайгашкан.
Калып тумар (үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы) түрүндө берилген, анда кызыл эмаль фондо түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү лавр бутактары жайгашкан.
Калып жана жылдыз бири-бири менен того менен бириктирилген. Жылдыздын арткы бетинде белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде визор түрүндөгү бекиткичи бар.
-
"Эмгек Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы "Эмгек Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы
“Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөнү социалдык-экономикалык жана гуманитардык өнүктүрүүдө, анын ичинде өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн, транспортту, курулушту, илимди, маданиятты, билим берүүнү жана саламаттык сактоону, ошондой эле иштин башка тармактарын өнүктүрүүдөгү көрүнүктүү салымы үчүн ыйгарылат.
“Ата Мекен Баатыры” жана “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражалары, ошондой эле “Эрдик” ордени менен жарандарды сыйлоо Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн каза болгондон кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн.
“Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ушундай эле аталыштагы өзгөчө белгини жана тиешелүү ырастаманы тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.
“Эмгек Баатыры” өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендеринин жана медалдарынын үстүнө тагылат.
“Эмгек Баатыры” өзгөчө белгиси күмүштөн жасалган жана алтын менен капталган он төрт бурчтуу жылдыз жана калып түрүндө болот.
Он төрт бурчтуу жылдыз өзгөчө белгинин негизи болот, анын ичинен жети нуру – күмүш, жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта беш күмүш нур чыгып турат, жети нур – алтын менен капталган күмүштөн, жылдыздын нурларынын учтарында шариктер болот.
Өзгөчө белгинин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган тегеректе "Эмгек Баатыры" деген жазуу – көлдүн, Ала-Тоонун белестери жана алтын түстөгү нурлары менен чыгып келе жаткан күндүн сүрөтү түшүрүлгөн. “Эмгек Баатыры” деген жазуу дөмпөйтүлгөн, алтын жалатылган жана түстүү эмаль менен жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылган.
Он төрт бурчтуу жылдыздын диаметри 40 мм, капталган сырткы тегеректики 20 мм жана ички тегеректики 15 мм.
Калып тумар (үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары) түрүндө берилген, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин символдоштурган кочкул-кызыл түстөгү эмаль менен толтурулган, борборунда түшүмдүүлүктүн жана байлыктын символу болгон сары түстөгү эмаль бар.
Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде өзгөчө белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекиткичи бар.
-
I даражадагы "Манас" ордени I даражадагы "Манас" ордени
I даражадагы “Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өркүндөшүнө өбөлгө түзгөн мамлекетке жана элге сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланат.
“Манас” ордени төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын башка ордендеринин жана медалдарынын алдына тагылат.
I даражадагы “Манас” ордени эки бөлүктөн – диаметри 60 мм болгон сегиз нурлуу алтын жылдыздан жана ортосундагы алтын каптамадан турат, ал көк түстөгү эмаль менен капталган, жашоонун символу болгон асманды жана сууну чагылдырган эки чырмалышкан квадраттан жана кызыл түстөгү эмаль менен капталган, күндүн символу – борбордук айланадан турат. Айлананын борборунда – туусу шамалга желбиреп ат чаап бараткан Манастын алтын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Ордендин арткы бетинде катар номер чегип жазылган. Бурама менен бекитилет.
-
II даражадагы "Манас" ордени II даражадагы "Манас" ордени
II даражадагы “Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өркүндөшүнө өбөлгө түзгөн мамлекетке жана элге сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланат.
“Манас” ордени төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын башка ордендеринин жана медалдарынын алдына тагылат.
II даражадагы “Манас” ордени I даражадагы орден менен бирдей, бирок күмүштөн жасалат. Мында каптама бөлүгү, Манастын сүрөтү жана жылдыздын нурларынын ортосунда айлананы түзгөн сегиз жалбырак алтын менен капталган. Чырмалышкан көк квадраттардын бурчтарында алтын жалатылган тегерек белгилер коюлат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу калат.
Ордендин арткы бетинде катар номер чегип жазылган. Бурама менен бекитилет.
-
III даражадагы "Манас" ордени III даражадагы "Манас" ордени
III даражадагы “Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өркүндөшүнө өбөлгө түзгөн мамлекетке жана элге сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланат.
“Манас” ордени төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын башка ордендеринин жана медалдарынын алдына тагылат.
III даражадагы “Манас” ордени айрым элементтерин алтын менен каптабастан күмүштөн жасалат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу калат.
Ордендин арткы бетинде катар номер чегип жазылган. Бурама менен бекитилет.
-
"Курманжан Датка" ордени "Курманжан Датка" ордени
“Курманжан Датка” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактар коомдук-саясий иште сиңирген эмгеги жана эмгектик жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого кошкон салымы, элдин биримдиги, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо рухунда тарбиялагандыгы үчүн сыйланат.
“Курманжан Датка” ордени төштүн сол тарабына "Манас" орденинен кийин тагылат.
“Курманжан Датка” ордени алтын менен капталган жети бурчтуу күмүш пластина фонунда жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот.
Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтын менен капталган, нурлардын учтарында шариктер болот.
Ордендин борбордук бөлүгүндө улуттук оюму бар алкакталган, капталган сырткы тегеректе, – түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда “Элечек” кыргыз улуттук баш кийими менен Курманжан Датканын рельефтүү сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөнкү бөлүгүндө “Курманжан Датка” деген жазуу бар. Улуттук оюм жана “Курманжан Датка” деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтын жалатылат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат.
Кочкул-кызыл эмаль фондо улуттук оюм жана циркон таштары менен кооздолгон жети бурчтуу пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын ортосундагы аралыкта алтын жалатылган жети нур чыгып турат.
Алтын жалатылган жети бурчтуу жылдыздын диаметри 60 мм, капталган сырткы тегеректики 34 мм жана ичкисиники 25 мм.
“Курманжан Датка” орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилип жазылат. Ордендин бекитмеси төөнөгүч түрүндө.
-
"Даңк" ордени "Даңк" ордени
“Даңк” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактар сыйланат:
1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн сиңирген эмгеги үчүн;
2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн;
3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иш жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодогу сиңирген эмгеги үчүн;
4) өсүп келе жаткан муунга улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө жана патриоттук тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн;
5) спортту илгерилетүүдө, колдоодо жана жайылтууда сиңирген эмгеги үчүн.
“Даңк” ордени төштүн сол тарабына “Эрдик” орденинен кийин тагылат.
“Даңк” ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюмдун рельефтүү сүрөтү бар күмүш пластинанын фонунда салтанаттуулукту символдоштурган сегиз бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Карама-каршы учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү 55 мм.
Ордендин борбордук бөлүгүндө сол тарабынан лавр жалбырагынан жана оң тарабынан арчадан, алтын менен капталган венок түрүндө жасалган капталган тегерек жайгашкан. Лавр жалбырагы атак жана даңкты, ал эми арча – түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Тегеректин ортосунда “Даңк” деген жазуу бар.
Жазуунун үстүнкү жана төмөн жагында улуттук оюм жайгашкан. Жазуу жана улуттук оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн, түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгашкан.
Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Ордендин бекитмеси визор түрүндө.
-
"Достук" ордени "Достук" ордени
“Достук” ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактар сыйланат:
1) элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын чыңдоо ишиндеги жетишкендиктери үчүн;
2) эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык иштердеги жетишкендиктери үчүн;
3) өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө кошкон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү иши үчүн.
“Достук” ордени төштүн сол тарабына “Даңк” орденинен кийин тагылат.
“Достук” ордени күмүштөн жасалат жана чыгып турган нур түрүндө жасалган, дөмпөйтүлгөн алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, нурлардын карама-каршы учтарынын ортосундагы аралык 55 мм.
Ордендин борбордук бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы – тумар түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары 38 мм. Четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүнкү бөлүгүндө элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген "ажырагыстыктын" белгиси, ортосунда “Достук” деген жазуу, төмөнкү бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюмунун элементтери жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмалдан жасалган көк фондо жайгашкан.
Жылдыздын алдынкы бети көк түстөгү эмаль менен толтурулган күмүштөн улуттук оюм жана күмүштөн тегерек элементтер менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат.
Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Ордендин бекитмеси визор түрүндө.
-
"Баатыр эне" ордени "Баатыр эне" ордени
“Баатыр эне” ордени менен жети жана андан ашык баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене бой жана адептик өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган энелер -Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланат.
Төмөнкү пункттарда каралган учурлардан тышкары “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жетинчи бала бир жашка чыкканда жана калгандары тирүү болгондо жүргүзүлөт.
“Баатыр эне” ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса;
2) Ата Мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;
3) күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын кесепетинен каза болгондор (жол-транспорт кырсыгы, өндүрүштөгү жаракаттар, өзгөчө кырдаалдардан алган жаракаттар, оорулардын кесепеттери, киши өлтүрүүлөр жана эне менен балага көз каранды болбогон башка жагдайлар).
“Баатыр эне” ордени төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын медалдарынын алдына тагылат.
“Баатыр эне” ордени алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалат жана диаметри 40 мм жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот.
Жылдыздын борборунда кек эмаль фондо булутсуз көк асманды символдоштурган үйдүн очогунун символу болгон - түндүктүн стилдүү сүрөтү түшүрүлгөн. Түндүктүн айланасында ак эмаль шакек алкагында алтын жалатылган “Баатыр эне” деген жазуу жайгаштырылган.
“Баатыр Эне” ордени байыркы кыргыз талисманы – тумар түрүндө жасалган, өлчөмү 32 мм х 25 мм х 25 мм болгон тең капталдуу үч бурчтук формасындагы алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалган калыпка көзөнөктүн жардамы менен бириктирилет. Калыптын жогорку четинде рельефтүү кыргыздын улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү көгүлтүр эмаль менен толтурулган, анын ортосунда булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурган ак эмаль үч бурчтук жайгашкан.
Калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекиткич бар, ал эми ордендин арткы бетинде катар номери чегип жазылган.
-
"Эне даңкы" медалы "Эне даңкы" медалы
“Эне даңкы” медалы менен төмөнкү пункттарда каралган учурларды кошпогондо, алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана калгандары тирүү болгон энелер – Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланат.
“Эне даңкы” медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса;
2) Ата Мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;
3) күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын кесепетинен каза болгондор (жол-транспорт кырсыгы, өндүрүштөгү жаракаттар, өзгөчө кырдаалдардан алган жаракаттар, оорулардын кесепеттери, киши өлтүрүүлөр жана эне менен балага көз каранды болбогон башка жагдайлар).
“Эне даңкы” медалы төштүн сол тарабына “Даңк” медалынан кийин тагылат.
Медаль эки бөлүктөн – тең капталдуу үч бурчтук формасындагы калыптан жана диаметри 32 мм, бири-бири менен көзөнөктүн жардамы аркылуу бириктирилген, күмүштөн жасалган өтмө дисктен турат. Дисктин тышкы шакекчесинде – “Кыргыз Республикасы” деген рельефтүү тегерек жазуу жана кыргыз улуттук оюмунун рельефтүү эки элементинин сүрөтү түшүрүлгөн.
Өтмө диск алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыз жана кыюланган шакекче менен бириктирилет, анын борборунда – “Эне даңкы” деген рельефтүү жазуу бар. Жылдыздын борборунда булутсуз асманды символдоштурган көк эмаль айлана түшүрүлгөн. Өтмө мейкиндик бирдей чоңдуктун сегменттерин түзөт.
Калып байыркы кыргыз талисманы – тумар түрүндө жасалган, өлчөмү 26 мм х 18 мм х 18 мм болгон тең капталдуу үч бурчтук формасында жасалган. Калыптын жогорку четинде рельефтүү кыргыздын улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурган, ортосунда ак эмаль үч бурчтук жайгашкан көгүлтүр эмаль менен толтурулган.
Калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекиткичи бар, ал эми медалдын арткы бетинде катар номери чегип жазылган.
-
"Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардак наамы "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардак наамы
-
"Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы
"Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн акындарга ыйгарылат.
-
Кыргыз Республикасынын ардак наамдары Кыргыз Республикасынын ардак наамдары
1. “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы көрүнүктүү көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүүлөрдө жана радио чыгармаларды жараткан, жалпы элге таанылган артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, импровизатор-акындарга, музыкалык, хордук, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.
2. “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элге таанылган жогорку көркөм чыгармаларды жаратканы үчүн үчүн жазуучуларга ыйгарылат.
3. “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардак наамы ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элге таанылган поэтикалык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө, жогорку көркөм чыгармаларды жаратууда сиңирген эмгеги үчүн акындарга ыйгарылат.
4. “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдик-колдонмо искусствонун жалпы элге таанылган көрүнүктүү чыгармаларды жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.
Төш белги төштүн оң тарабына Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринин алдына тагылат.
Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белги эки бөлүктөн – бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм асмадан турат.
Алтын менен капталган күмүштөн жасалган түз формадагы калып штамповка методу менен жасалган, өлчөмү 26 мм х 17 мм болгон калыптын алдынкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жайгашкан.
Асма алтын менен капталган күмүштөн жасалган, анын үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун (күндүн нуру менен кыюуланган түндүктүн стилдештирилген сүрөтү) рельефтүү элементи жайгашкан. Борборунда “Кыргыз Республикасы” деген рельефтүү жазуу жайгаштырылган. Асманын чет жактарында ардак жана даңктын символу болгон лавр бутактарынын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Асманын арткы бетинде белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде – визор түрүндөгү бекитмеси бар.
-
"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы
"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн жазуучуларга ыйгарылат.
-
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы жалпы элдик таанылууга ээ болгон мыкты көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, төкмө акындарга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.
-
"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы
"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусствонун жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү чыгармаларын жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.
-
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык
Кыргыз Республикасынын поэзия, проза, драматургия, көркөм публицистика, музыка, кино, скульптура жана архитектура, театрдык жана көркөм сүрөт өнөрү, радио жана телечыгармалар тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү жана коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн ыйгарылат. Мамлекеттик сыйлыкты алган адамдарга “Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси” деген наам ыйгарылат, 100 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, диплом, ардак белги жана лауреаттын күбөлүгү берилет.