icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин сыпаттамалары

1-глава. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси

"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 мм бөлгөн айлананы түзгөн жогорку деңгээлдеги сегиз нурдан жана диаметри 30 мм болгон айлананы түзгөн төмөнкү деңгээлдеги он алты нурдан турган симметриялык жылдыз түрүндө болот.

Жылдыздын нурларынын, кырларынын көрүнүшү жана формасы тоолордун чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат.

Жылдыздын борбордук бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюмунун элементтери бар лавр веногу менен алкакталган, ак алтындан каптама жайгаштырылган. Каптаманын борборунда алтын фондогу ыйык "Ак Шумкардын" рельефтүү сүрөтү жайгашкан. Анын жогорку бөлүгүндө өлкөнүн жети облусун символдоштуруучу жети бурчтуу жылдыздын рельефтик сүрөтү жайгашкан.

Калып тумар (үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы) түрүндө берилген, анда кызыл эмаль фондо түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү лавр бутактары жайгашкан.

Калып жана жылдыз бири-бири менен того менен бириктирилген. Жылдыздын арткы бетинде белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде визор түрүндөгү бекиткичи бар.

2-глава. "Ата Мекен Баатыры" өзгөчө белгиси

"Ата Мекен Баатыры" өзгөчө белгиси күмүштөн жасалган жана алтын менен капталган беш бурчтуу пластина фонунда беш бурчтуу жылдыз жана калып түрүндө болот.

Беш бурчтуу күмүш пластина өзгөчө белгинин негизи болот, пластинанын учтарынын ортосундагы аралыкта жети күмүш нур чыгып турат.

Беш бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтын менен капталган, жылдыздын нурларынын учтарында шариктер болот.

Өзгөчө белгинин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган тегеректе "Ата Мекен Баатыры" деген жазуу жана эки жылдызча менен ак фондо Кыргыз Республикасынын аймагынын рельефтүү географиялык сүрөтү жайгашкан. "Ата Мекен Баатыры" деген жазуу жана эки жылдызча дөмпөйтүлүп, алтын жалатылган жана түстүү эмаль менен жасалган хаки түстөгү фондо жайгаштырылган.

Алтын жалатылган беш бурчтуу жылдыздын жана пластинанын диаметри - 40 мм, капталган сырткы тегеректики - 20 мм жана ички тегеректики - 15 мм.

Калып тумар (үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары) түрүндө берилген, эрдикти, каармандыкты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин (мамлекеттүүлүктү) жана тынчтыктын символу болгон көгүлтүр асманды символдоштурган үч - хаки, кызыл жана кочкул-көк түскө бөлүнгөн.

Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде өзгөчө белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар.

3-глава. "Эмгек Баатыры" өзгөчө белгиси

"Эмгек Баатыры" өзгөчө белгиси күмүштөн жасалган жана алтын менен капталган он төрт бурчтуу жылдыз жана калып түрүндө болот.

Он төрт бурчтуу жылдыз өзгөчө белгинин негизи болот, анын ичинен жети нуру - күмүш, жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта беш күмүш нур чыгып турат, жети нур - алтын менен капталган күмүштөн, жылдыздын нурларынын учтарында шариктер болот.

Өзгөчө белгинин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган тегеректе "Эмгек Баатыры" деген жазуу - көлдүн, Ала-Тоонун белестери жана алтын түстөгү нурлары менен чыгып келе жаткан күндүн сүрөтү түшүрүлгөн. "Эмгек Баатыры" деген жазуу дөмпөйтүлгөн, алтын жалатылган жана түстүү эмаль менен жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылган.

Он төрт бурчтуу жылдыздын диаметри 40 мм, капталган сырткы тегеректики 20 мм жана ички тегеректики 15 мм.

Калып тумар (үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары) түрүндө берилген, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин символдоштурган кочкул-кызыл түстөгү эмаль менен толтурулган, борборунда түшүмдүүлүктүн жана байлыктын символу болгон сары түстөгү эмаль бар.

Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде өзгөчө белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар.

4-глава. I, II, III даражадагы "Манас" ордени

I даражадагы "Манас" ордени эки бөлүктөн - диаметри 60 мм болгон сегиз нурлуу алтын жылдыздан жана ортосундагы алтын каптамадан турат, ал көк түстөгү эмаль менен капталган, жашоонун символу болгон асманды жана сууну чагылдырган эки чырмалышкан квадраттан жана кызыл түстөгү эмаль менен капталган, күндүн символу - борбордук айланадан турат. Айлананын борборунда - туусу шамалга желбиреп ат чаап бараткан Манастын алтын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.

II даражадагы "Манас" ордени I даражадагы орден менен бирдей, бирок күмүштөн жасалат. Мында каптама бөлүгү, Манастын сүрөтү жана жылдыздын нурларынын ортосунда айлананы түзгөн сегиз жалбырак алтын менен капталган. Чырмалышкан көк квадраттардын бурчтарында алтын жалатылган тегерек белгилер коюлат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу калат.

III даражадагы "Манас" ордени айрым элементтерин алтын менен каптабастан күмүштөн жасалат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу калат.

Ордендердин арткы беттеринде катар номерлери чегип жазылган. Бурама менен бекитилет.

5-глава. "Курманжан Датка" ордени

"Курманжан Датка" ордени алтын менен капталган жети бурчтуу күмүш пластина фонунда жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот.

Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтын менен капталган, нурлардын учтарында шариктер болот.

Ордендин борбордук бөлүгүндө улуттук оюму бар алкакталган, капталган сырткы тегеректе, - түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда "Элечек" кыргыз улуттук баш кийими менен Курманжан Датканын рельефтүү сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөнкү бөлүгүндө "Курманжан Датка" деген жазуу бар. Улуттук оюм жана "Курманжан Датка" деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтын жалатылат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат.

Кочкул-кызыл эмаль фондо улуттук оюм жана циркон таштары менен кооздолгон жети бурчтуу пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын ортосундагы аралыкта алтын жалатылган жети нур чыгып турат.

Алтын жалатылган жети бурчтуу жылдыздын диаметри 60 мм, капталган сырткы тегеректики 34 мм жана ичкисиники 25 мм.

"Курманжан Датка" орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилип жазылат. Ордендин бекитмеси төөнөгүч түрүндө.

6-глава. "Данакер" ордени

"Данакер" ордени күмүштөн жасалат жана диаметри 42 мм болгон бирдей чыгып турган кырк нурлуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын нурлары алтын менен капталган.

Ордендин алдынкы бетинде көк тегерек элементтери бар кыргыздын улуттук оюмунун рельефтүү сүрөтү менен күмүш айлана, ал ысык эмаль методу менен жасалат. Айлананын диаметри 30 мм. Айлананын периметринде жылдыздын нурлары менен айкалышкан 40 жарым сфера бар.

Айлананын борборуна диаметри 16 мм болгон, көк түстөгү, ысык эмаль методу менен жасалган каптама жайгашкан, анда жер шаарынын меридиандарын символдоштурган жарым айлана түрүндө ичке тосмо сызыктар бар. Каптаманын борборунда "Данакер" деген жазуу жайгаштырылган. Жазуунун үстү жана асты жагында айлананын вертикаль огу боюнча рельефтүү сүрөттөлүштөгү жылдыздар жайгаштырылган. Каптама күмүштөн жасалат. Каптаманын кырлары, ичке тосмо сызыктар жана жылдыздар алтын менен капталган.

"Данакер" ордени көзөнөктүн жана звенонун жардамы менен өлчөмү 28 мм х 42 мм болгон тик бурчтуу металл калыпка бириктирилет, ал өлчөмү 33 мм х 23 мм болгон көк муар тасмасын керүү үчүн негиз болот.

Ордендин арткы бетинде катар номери чегип жазылган, калыптын арткы бетинде - төөнөгүч түрүндөгү бекитмеси бар.

7-глава. I даражадагы "Эрдик" ордени

I даражадагы "Эрдик" ордени алтын менен капталган күмүштөн жасалган жана эки бөлүктөн турат - беш бурчтуу пластинанда беш бурчтуу жылдыздан жана калыптан.

Диаметри 40 мм болгон жылдыз формасындагы беш бурчтуу пластина жана беш бурчтуу жылдыз ордендин негизи болот, анын учтарынын ортосундагы аралыкта тогуз нур чыгып турат.

Ордендин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган сырткы тегеректе көк эмаль фондо "Эрдик" деген рельефтүү жазуу жана күн нурлары бар. Капталган тегеректин борборунда - көк эмаль фондо кайраттуулуктун, чыдамкайлыктын жана даанышмандыктын символу болгон ак илбирстин алтын жалатылган рельефтүү сүрөтү бар.

Алтын жалатылган беш бурчтуу жылдыздын жана пластинанын диаметри 40 мм, капталган сырткы тегеректики 28 мм жана ичкисиники 18 мм.

Өлчөмү 28 мм х 20 мм болгон калып муздак метод аркылуу көк түстөгү эмаль менен толтурулган. Калыптын ортосунан туурасы 2 мм болгон вертикалдуу алтын жалатылган сызык өтөт.

Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде ордендин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар.

8-глава. II даражадагы "Эрдик" ордени

II даражадагы "Эрдик" ордени I даражадагы "Эрдик" ордени менен бирдей, диаметри 40 мм болгон жылдыз формасындагы беш бурчтуу алтын жалатылган пластина жана беш бурчтуу күмүш жылдыз ордендин негизи болот, анын учтарынынын ортосундагы аралыкта тогуз нур чыгып турат.

Ордендин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган тегеректе көк эмаль фондо "Эрдик" деген алтын жалатылган рельефтүү жазуу жана күмүш күн нурлары бар. Капталган тегеректин борборунда - көк эмаль фондо кайраттуулуктун, чыдамкайлыктын жана даанышмандыктын символу болгон ак илбирстин алтын жалатылган рельефтүү сүрөтү бар.

Беш бурчтуу жылдыздын жана пластинанын диаметри 40 мм, капталган сырткы тегеректики 28 мм жана ичкисиники 18 мм.

Калып өлчөмү 28 мм х 20 мм болгон күмүштөн жасалган, муздак метод аркылуу көк түстөгү эмаль менен толтурулган. Калыптын ортосунан ар биринин туурасы 2 мм болгон вертикалдуу алтын жалатылган эки сызык өтөт. Эки сызыктын ортосундагы аралык 2 мм.

Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде ордендин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар.

9-глава. III даражадагы "Эрдик" ордени

III даражадагы "Эрдик" ордени I даражадагы "Эрдик" орден менен бирдей, айрым элементтери алтың менен капталбастан күмүштөн жасалат. Көк түстөгү эмаль каптамасы калат.

Беш бурчтуу жылдыздын тогуз нуру карартуу методу менен капталган.

Өлчөмү 28 мм х 20 мм болгон күмүштөн жасалган калып муздак метод аркылуу көк түстөгү эмаль менен толтурулган. Калыптын ортосунан ар биринин туурасы 2 мм болгон вертикалдуу үч сызык өтөт. Алардын ортосундагы аралык 2 мм.

Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Жылдыздын арткы бетинде ордендин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар.

10-глава. "Даңк" ордени

"Даңк" ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюмдун рельефтүү сүрөтү бар күмүш пластинанын фонунда салтанаттуулукту символдоштурган сегиз бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Карама-каршы учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү 55 мм.

Ордендин борбордук бөлүгүндө сол тарабынан лавр жалбырагынан жана оң тарабынан арчадан, алтын менен капталган венок түрүндө жасалган капталган тегерек жайгашкан. Лавр жалбырагы атак жана даңкты, ал эми арча - түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Тегеректин ортосунда "Даңк" деген жазуу бар. Жазуунун үстүнкү жана төмөн жагында улуттук оюм жайгашкан. Жазуу жана улуттук оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн, түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгашкан.

Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Ордендин бекитмеси визор түрүндө.

11-глава. "Достук" ордени

"Достук" ордени күмүштөн жасалат жана чыгып турган нур түрүндө жасалган, дөмпөйтүлгөн алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, нурлардын карама-каршы учтарынын ортосундагы аралык 55 мм.

Ордендин борбордук бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары 38 мм. Четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүнкү бөлүгүндө элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген "ажырагыстыктын" белгиси, ортосунда "Достук" деген жазуу, төмөнкү бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюмунун элементтери жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмалдан жасалган көк фондо жайгашкан.

Жылдыздын алдынкы бети көк түстөгү эмаль менен толтурулган күмүштөн улуттук оюм жана күмүштөн тегерек элементтер менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат.

Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Ордендин бекитмеси визор түрүндө.

12-глава. "Баатыр эне" ордени

"Баатыр эне" ордени алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалат жана диаметри 40 мм жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот.

Жылдыздын борборунда кек эмаль фондо булутсуз көк асманды символдоштурган үйдүн очогунун символу болгон - түндүктүн стилдүү сүрөтү түшүрүлгөн. Түндүктүн айланасында ак эмаль шакек алкагында алтын жалатылган "Баатыр эне" деген жазуу жайгаштырылган.

"Баатыр Эне" ордени байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө жасалган, өлчөмү 32 мм х 25 мм х 25 мм болгон тең капталдуу үч бурчтук формасындагы алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалган калыпка көзөнөктүн жардамы менен бириктирилет. Калыптын жогорку четинде рельефтүү кыргыздын улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү көгүлтүр эмаль менен толтурулган, анын ортосунда булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурган ак эмаль үч бурчтук жайгашкан.

Калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткич бар, ал эми ордендин арткы бетинде катар номери чегип жазылган.

13-глава. "Даңк" медалы

Медаль эки бөлүктөн - күмүш калыптан жана диаметри 40 мм болгон күмүш тогуз бурчтуу жылдыздан турат, алар бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет.

Жылдыздын борбордук бөлүгүндө атак жана даңктын символу болгон - алтын жалатылган лавр бутагы менен алкакталган күмүш каптама жайгаштырылган. Каптаманын борборунда муздак метод менен жасалган кызыл эмаль фондо "Даңк" деген рельефтүү жазуу бар.

Жылдыздын учтарынынын ортосундагы аралыкта карартуу методу менен капталган күмүш тогуз нур чыгып турат.

Калыпта кайчылаштырылган эки лавр бутагы, алардын үстүндө муздак метод аркылуу кызыл эмаль менен капталган эки тик бурчтук түшүрүлгөн.

Калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар, ал эми медалдын арткы бетинде катар номери чегип жазылган.

14-глава. "Эне даңкы" медалы

Медаль эки бөлүктөн - тең капталдуу үч бурчтук формасындагы калыптан жана диаметри 32 мм, бири-бири менен көзөнөктүн жардамы аркылуу бириктирилген, күмүштөн жасалган өтмө дисктен турат. Дисктин тышкы шакекчесинде - "Кыргыз Республикасы" деген рельефтүү тегерек жазуу жана кыргыз улуттук оюмунун рельефтүү эки элементинин сүрөтү түшүрүлгөн.

Өтмө диск алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыз жана кыюланган шакекче менен бириктирилет, анын борборунда - "Эне даңкы" деген рельефтүү жазуу бар. Жылдыздын борборунда булутсуз асманды символдоштурган көк эмаль айлана түшүрүлгөн. Өтмө мейкиндик бирдей чоңдуктун сегменттерин түзөт.

Калып байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө жасалган, өлчөмү 26 мм х 18 мм х 18 мм болгон тең капталдуу үч бурчтук формасында жасалган. Калыптын жогорку четинде рельефтүү кыргыздын улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурган, ортосунда ак эмаль үч бурчтук жайгашкан көгүлтүр эмаль менен толтурулган.

Калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар, ал эми медалдын арткы бетинде катар номери чегип жазылган.

15-глава. Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына төш белги

Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белги эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм асмадан турат.

Алтын менен капталган күмүштөн жасалган түз формадагы калып штамповка методу менен жасалган, өлчөмү 26 мм х 17 мм болгон калыптын алдынкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жайгашкан.

Асма алтын менен капталган күмүштөн жасалган, анын үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун (күндүн нуру менен кыюуланган түндүктүн стилдештирилген сүрөтү) рельефтүү элементи жайгашкан. Борборунда "Кыргыз Республикасы" деген рельефтүү жазуу жайгаштырылган. Асманын чет жактарында ардак жана даңктын символу болгон лавр бутактарынын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.

Асманын арткы бетинде белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекитмеси бар.

Кыргыз Республикасынын экинчи категориядагы ардак наамдарына төш белги биринчи категориядагы ардак наамдарга төш белги менен бирдей, бирок калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жок.

16-глава. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына "Ардак белги" төш белгиси

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына "Ардак белги" төш белгиси тик бурчтук формасында, өлчөмү 20 мм х 28 мм, алтын менен капталган күмүштөн жасалат, төш белгинин чет жактарында вертикалдуу кыргыз улуттук оюму чегерилген.

Үстүнкү бөлүгүндө кызыл түстөгү эмаль менен капталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун символдоштурган тик бурчтук, анын фонунун оң тарабында "Ардак белги" деген жазуу жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгүндө ардак жана даңктын символу болгон - рельефтүү лавр бутагы жайгаштырылган.

Төш белгинин арткы бетинде катар номери чегип жазылган, бекитмеси визор түрүндө.

17-глава. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тик бурчтук формасына ээ. Ардак грамотанын негизи пресстелген картондон жасалган, ал крап түсүндөгү винил булгаары менен капталган.

Ардак грамотанын негизинин алдынкы бетинде Ардак грамотанын тексттик бөлүгүн жазуу үчүн жылтырак кагазда басылган 2 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу формадагы оюк бар.

Алдынкы бетинин жогорку бөлүгүнүн борборунда түшүмдүүлүктүн жана меймандостуктун символу болгон буудайдын машактары менен курчалган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин эки тарабында ысытылган алтын менен басылган тоо кыркаларынын стилдештирилген сүрөтү жайгашкан.

Ардак грамотанын төмөн жагынын борборунда "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АРДАК ГРАМОТАСЫ" деген текст жайгашкан, андан ары ар бир өзүнчө учурда жекече аныкталуучу сыйланып жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана мамлекеттик тилдеги текст жазылат.

Ардак грамотанын төмөнкү бөлүгүндө катары менен "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ" деген текст, Кыргыз Республикасынын Президентинин инициалдары жана фамилиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын датасы жана номери жайгаштырылган.

Ардак грамотанын арткы бетинде аны түз жерге коюу үчүн ачылуучу буту жана дубалга илүү үчүн "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген рельефтүү жазуусу бар жылмаланган болоттон жасалган илгичи болот. Негизинин өлчөмү: эни - 365 мм, бийиктиги - 295 мм, калыңдыгы - 25 мм.

Ардак грамотанын үстүнкү жана төмөнкү жактары полимердик кыюулар менен жабылган, ага алтындын буусу менен түшүрүлгөн кыргыздын улуттук оюму тартылган.

Жогорку оң бурчунда Ардак грамотанын "Ардак белги" төш белгиси үчүн крап түсүндөгү булгаары менен капталган металл кыюу бар.