icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

"КР мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" КР Мыйзамы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 28-июлу № 157

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө

(КР 2019-жылдын 30-июлундагы N 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене.

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын укуктук статусун, сыйлангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Башка мыйзамдарда мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды киргизүүгө же белгилөөгө жол берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоодогу жана чыңдоодогу, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттыруудагы салымын, ошондой эле мамлекет жана элдин алдындагы коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердин түрүндө сиңирген эмгегин таануунун жогорку формасы болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги бар чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары сыйланышат.

4. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын белгилерин, мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга документтердин сыпаттамаларын жана үлгүлөрүн, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга көрсөтүү, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, жупнускаларды берүү жана сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тартиби менен байланышкан жоболор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

Караңыз:

КР Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ N 125 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы;

КР Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ N 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгы

5. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленет.

2-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары

2-берене.

1. Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамда белгиленген эң жогорку артыкчылык даражасы "Кыргыз Республикасынын Баатыры", Кыргыз Республикасынын ордендери, медалдары жана Ардак грамотасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик сыйлыктары белгиленет, алар төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;

2) биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:

а) I даражадагы "Манас" ордени;

б) II даражадагы "Манас" ордени;

в) III даражадагы "Манас" ордени;

г) "Курманжан Датка" ордени;

д) "Данакер" ордени;

е) "Даңк" ордени;

ж) "Достук" ордени;

з) "Баатыр эне" ордени;

3) экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:

а) "Эрдик" медалы;

б) "Даңк" медалы;

в) "Эне даңкы" медалы;

4) үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлык - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.

3. Кыргыз Республикасынын ардак наамдары төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) биринчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эл артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";

в) "Кыргыз Республикасынын эл акыны";

г) "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";

2) экинчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы";

в) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу";

г) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу";

д) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими";

е) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи";

ж) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти";

з) "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер";

и) "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер";

к) "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

л) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

м) "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

н) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер";

о) "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

п) "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

р) "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер";

с) "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер";

т) "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер";

у) "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

ф) "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер";

х) "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер";

3-берене.

1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы жарандарга Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жана тиешелүү күбөлүктү тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.

3. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.

4-берене.

1. "Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн, ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар сыйланышат.

2. "Манас" орденинин төмөнкүдөй 3 даражасы бар:

1) I даражадагы "Манас" ордени;

2) II даражадагы "Манас" ордени;

3) III даражадагы "Манас" ордени.

"Манас" ордени менен сыйлоо ырааттуулукта - III даражадан I даражага карата жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти жарандарды өзгөчө учурларда ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан "Манас" ордени менен сыйлай алат.

3. "Манас" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын башка ордендери менен медалдарынын алдына тагылат.

5-берене.

1. "Курманжан Датка" ордени менен коомдук-саясий иште сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн, ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар сыйланышат.

2. "Курманжан Датка" ордени төштүн сол тарабына, "Манас" орденинен кийин тагылат.

6-берене.

1. "Данакер" ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон ири салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкө илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча жигердүү ишмердиги үчүн сыйланышат.

2. "Данакер" ордени төштүн сол тарабына, "Курманжан Датка" орденинен кийин тагылат.

7-берене.

"Даңк" ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар сыйланышат:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн;

2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кошкон салымы үчүн;

3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоодогу кошкон салымы үчүн;

4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон салымы үчүн;

5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн.

2. "Даңк" ордени төштүн сол тарабына, "Данакер" орденинен кийин тагылат.

8-берене.

1. "Достук" ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар сыйланышат:

1) элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөө ишиндеги жетишкендиктери үчүн;

2) эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык иштердеги жетишкендиктери үчүн;

3) өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө кошкон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү иши үчүн.

2. "Достук" ордени төштүн сол тарабына, "Даңк" орденинен кийин тагылат.

9-берене.

1. "Баатыр эне" ордени менен энелер - жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

2. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жетинчи бала бир жашка толгондо жана башка балдары тирүү болгондо жүргүзүлөт.

3. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

4. "Баатыр эне" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын медалдарынын алдына тагылат.

10-берене.

1. "Эрдик" медалы менен жарандар адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктардын, өрттүн, кыйроолордун жана башка өзгөчө кырдаалдардын убагында көрсөткөн каармандыгы, эрдиги жана кайратмандыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык жана жарандык парзын аткарып жатып жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракеттери үчүн сыйланышат.

2. "Эрдик" медалы төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.

11-берене.

1. "Даңк" медалы менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн сыйланышат.

2. "Даңк" медалы төштүн сол тарабына, "Эрдик" медалынан кийин тагылат.

12-берене.

1. "Эне даңкы" медалы менен ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, энелер - алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.

2. "Эне даңкы" медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:

1) эгерде асырап алгандан кийин кеминде 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса, мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

3. "Эне даңкы" медалы төштүн сол тарабына, "Даңк" медалынан кийин тагылат.

13-берене.

1. "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы жалпы элдик таанылууга ээ болгон мыкты көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, төкмө акындарга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн жазуучуларга ыйгарылат.

3. "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн акындарга ыйгарылат.

4. "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусствонун жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү чыгармаларын жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.

5. Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

Төш белги төштүн оң тарабына, Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринин алдына тагылат.

14-берене.

1. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" ардак наамы маданият жана искусство жаатында кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, театр, музыка, кино-, теле- жана цирк искусствосу жаатында жогорку көркөмдүктөгү образдарды, жалпы элдик таанылууга ээ болгон спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди, музыкалык чыгармаларды жараткан мыкты кесипкөй артисттерге, дирижёрлорго, режиссёрлорго, операторлорго, сүрөтчү-коюучуларга, кийим боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармачылыктын чыгармаларын аткаруучуларга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, калктын ден соолугун коргоодо, медицина илиминин жана техниканын заманбап жетишкендиктерин иш тажрыйбасында пайдалануу менен дарылоо-алдын алуу жардамын уюштурууда жана көрсөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн бардык адистиктеги мыкты кесипкөй врачтарга ыйгарылат.

3. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу" ардак наамы техникалык прогресске жана экономикага олуттуу салым кошкон, маанилүү мамлекеттик мааниге ээ болгон ойлоп табуулары өндүрүшкө киргизгени үчүн, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү ойлоп табуучулук иши үчүн авторлорго ыйгарылат.

4. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, курулушту, курулуш индустриясын жана архитектураны өнүктүрүүдө, архитектуралык эстеликтерди калыбына келтирүүдө, ошондой эле капиталдык курулуштун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууда көрүнүктүү эмгек сиңиргени, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн курулуш жана курулуш индустриясы жаатындагы, илим-изилдөө жана долбоорлоо мекемелериндеги, окуу жайларында жана башка органдардагы мыкты квалификациялуу кызматкерлерге ыйгарылат.

5. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, педагогикалык жана тарбиялоо ишинде өзгөчө айырмаланган, окуучулардын терең билим алышын, алардын чыгармачыл дараметинин өнүгүшүн камсыз кылган билим берүү уюмдарынын мыкты кесипкөй мугалимдерине ыйгарылат.

6. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамы мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, укуктук мамлекетти курууга, юридикалык илимди өнүктүрүүгө, юридикалык кадрларды даярдоого олуттуу салымы бар, адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген жогорку квалификациялуу юристтерге ыйгарылат.

7. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" ардак наамы экономикалык жана финансылык иштер, мамлекеттик аудит, экономикалык илимди жана финансы рыногун өнүктүрүү жаатында олуттуу салымы бар, мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата-мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мыкты квалификациялуу экономисттерине жана адистерине ыйгарылат.

8. "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, маданият менен искусствону өнүктүрүүгө, чыгармачыл кадрларды даярдоого олуттуу салым кошкон, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мыкты кесипкөй режиссёрлорго, композиторлорго, дирижёрлорго, балетмейстерлерге, хормейстерлерге, концертмейстерлерге, дизайнерлерге, искусство таануучуларга, жазуучуларга, журналисттерге, сүрөтчүлөргө, декоративдик-колдонмо искусствосунун чеберлерине жана маданият жана искусство мекемелеринин башка кызматкерлерине ыйгарылат.

9. "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы илим жана техниканын артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгууда, таанылган илимий мектептерди түзүүдө, илимий кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо сиңирген эмгеги үчүн илимдин кандидаты же доктору деген окумуштуулук даражасы бар окумуштууларга, ошондой эле өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге, ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, техникалык прогресске олуттуу салым кошкон жана илим менен техника жаатындагы көрүнүктүү эмгектери, жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары жана ишке киргизген рационализатордук сунуштары үчүн конструктордук жана технологиялык уюмдардын, өндүрүштүк жана илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, машина куруу, өндүрүштүк жана илим-изилдөө уюмдарынын, технологиялык борборлордун жана жогорку окуу жайлардын лабораторияларынын кызматкерлерине ыйгарылат.

10. "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген, пайдалуу кендерди табуу, чалгындоо жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө берүү, гидрогеология жана инженердик геология, экологиялык жактан таза технологияны өздөштүрүү, геологиялык илимди өнүктүрүү жаатында айырмаланган, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен геологиялык, геофизикалык, гидрогеологиялык, топографиялык-геодезиялык уюмдардын, илим-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайлардын жогорку кесипкөй инженер-техникалык кызматкерлерине жана кызматчыларына ыйгарылат.

11. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы мамлекеттик кызматта кеминде 15 жыл иштеген, мамлекеттик кызмат жаатында ири эмгек сиңиргени, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, мамлекеттик кызмат тутумун өркүндөтүүдө жана мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкени үчүн мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылат.

12. "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы саламаттык сактоо жаатында кеминде 15 жыл иштеген, калктын ден соолугун коргоодо, медициналык жардамдын жана дары-дармек менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатууда сиңирген эмгеги, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн алардын ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине ыйгарылат.

13. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кеминде 15 жыл иштеген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда кошкон олуттуу салымы жана эмгеги, муниципалдык кызмат тутумун өркүндөтүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкени үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлерине ыйгарылат.

14. "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ушул чөйрөдө кеминде 15 жыл иштеген, педагогикалык жана тарбиялоо ишине сиңирген эмгеги, инновациялык окуу-усулдук куралдарды, программаларды, методикаларды түзгөнү, билим берүү процессин илимий-усулдук жактан камсыз кылууга катышканы, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн билим берүү уюмдарынын, билим берүүнү башкаруу органдарынын, билим берүү системасынын илим-изилдөө институттарынын мыкты кесипкөй илимий-педагогикалык жана башка кызматкерлерине ыйгарылат.

15. "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты рационалдуу пайдалануу жаатында кеминде 15 жыл иштеген, жаратылыш ресурстарын сактоодо, аз калдыктуу жана калдыксыз курулмаларды иштеп чыгууда жана өздөштүрүүдө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоодо сиңирген эмгеги, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн жаратылышты коргоо органдарынын мыкты кесипкөй кызматкерлерине, экологиялык проблемалар менен иштеген илимий-изилдөө жана башка мекемелердин кызматкерлерине ыйгарылат.

16. "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы бул тармакта кеминде 10 жыл иштеген, экономиканын өнөр жай тармактарынын түрдүү уюмдарынын, кен казуу өнөр жайынын мыкты кесипкөй жумушчуларына, мастерлерине, инженер-техникалык кызматкерлерине чийки затты казып алууда, продукция өндүрүүдө, анын  сапатын жакшыртууда сиңирген эмгеги үчүн энергетика жана өнөр жай жаатындагы жумушчуларга жана инженердик-техникалык кызматкерлерге, ошондой эле бул тармакта кеминде 15 жыл иштеген, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен илимдин жана техниканын жетишкендиктерин ишке киргизүүнүн, технологияны өркүндөтүүнүн, өндүрүштүк процесстерди механикалаштыруунун жана автоматташтыруунун эсебинен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда, продукция чыгарууну көбөйтүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мамлекеттик органдардын, илим-изилдөө, технологиялык, долбоорлоо-конструктордук уюмдардын кызматкерлерине ыйгарылат.

17. "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ушул чөйрөдө кеминде 15 жыл иштеген, байланыш каражаттарын өнүктүрүүдө, модернизациялоодо, пайдаланууда, калкты тейлөөнү жакшыртууда, жаңы жогорку натыйжалуу техниканы жана технологияны иштеп чыгууда жана өздөштүрүүдө олуттуу эмгеги бар, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен телекоммуникация, уктуруу, почта байланышы, байланыштын курулуш, оңдоо, долбоорлоо ишканалары жаатындагы, байланыш жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

18. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы айыл чарба өндүрүшүнүн тармагын өнүктүрүүдө: айыл чарба жаатында кеминде 15 жыл иштеген, илимдин, техниканын жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны жана чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын ишке киргизүүнүн негизинде түшүмдүүлүктү, жердин күрдүүлүгүн жогорулатууга, мамлекетке жана калкка жогорку сапаттуу айыл чарба продукциясын сатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен мамлекеттик органдардын, агрардык өнөр жай комплексинин жана айыл чарба жаатындагы башка уюмдардын мыкты кесипкөй кызматкерлерине, ошондой эле агрардык реформаны жүргүзүүгө жигердүү катышкан, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен адамдарга ыйгарылат.

19. "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы калкты тейлөө чөйрөсүндө кеминде 15 жыл иштеген, калкка турмуш-тиричилик, соода, турак жай, коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн, тейлөөнүн формаларын жана методдорун иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө, жарандарга социалдык жардамды жана аларды пенсия менен камсыз кылууну уюштурууда, маданий-эс алуу ишин жана туризмди өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда ири ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн калкты тейлөө чөйрөсүндөгү мекемелердин жана уюмдардын мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

20. "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы транспорт тармагында кеминде 15 жыл иштеген, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда жана транспорт каражаттарын пайдаланууну жакшыртууда сиңирген эмгеги, илимдин, техниканын жетишкендиктерин жана эмгектин алдыңкы методдорун өндүрүшкө киргизүүдө, өндүрүштүк тапшырмаларды аткарууда, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууда жогору көрсөткүчтөргө жетишкен, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда зор ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн транспорттун темир жол, аба, суу, автомобиль жана башка түрлөрүнүн, мамлекеттик органдардын, илим-изилдөө жана долбоорлоо уюмдарынын, окуу жайларынын мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

21. "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы дене тарбия жана спорт жаатында кеминде 15 жыл иштеген, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, калктын дене тарбия системасын, массалык спортту, жогорку жетишкендиктердин спортун өркүндөтүүгө, кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ири эмгек сиңиргени үчүн, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү камсыз кылуучу уюштуруу-усулдук, окутуу-машыктыруу, тарбиялоо, инженердик-техникалык, илимий-педагогикалык жана чарбалык иштеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн дене тарбия жана спорт мекемелеринин мыкты кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

22. Кыргыз Республикасынын ардак наамы менен сыйланган адамдарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

Төш белги көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирген ардак наамы болсо, анын белгисинен кийин тагылат.

15-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар өлкөнүн социалдык-экономикалык жана рухий дараметин арттырууга сиңирген эмгеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, билим берүү жана медицина чөйрөсүндө, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн сыйланышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган адамга "Ардак белги" төш белгиси берилет.

3. "Ардак белги" төш белгиси төштүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын ардак наамы болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин тагылат.

(КР 2019-жылдын 30-июлундагы N 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава. Мамлекеттик сыйлыкка жана ардак наамдарга сунуштоонун, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоонун жана ардак наамдарды ыйгаруунун тартиби

16-берене.

1. Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштамалар Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери жана парламенттик фракциялары;

3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы;

6) Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын начальниги;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилери;

9) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

11) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

12) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

13) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

15) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.

2. "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнмө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан демилгеленет.

3. Соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга же ардак наамдарга сунуштоого жол берилбейт.

17-берене.

1. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо же ардак наамды ыйгаруу жөнүндө жарлыкты чыгаруу, андан ары мамлекеттик сыйлыктарды же ардак наамдардын документтерин тапшыруу менен жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик сыйлыктарды жана ыйгарылган ардак наамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана башка кызмат адамдары тапшыра алышат.

3. Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык жана сыйлоону ырастоочу документ берилет.

4. Ардак наам ыйгарылган адамга ардак наамды ыйгарууну ырастоочу документ берилет.

5. "Баатыр эне" орденинен тышкары, "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине жана Кыргыз Республикасынын ордендерине дайыма тагынып жүрүү үчүн алардын кичирейтилген көчүрмөлөрү кошо тиркелет.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган адамдар мамлекеттик сыйлыктардын өзүн же алардын кичирейтилген көчүрмөлөрүн тагынып жүрө алышат.

18-берене.

1. Мамлекеттик сыйлык менен кезектеги сыйлоо же ардак наам ыйгаруу мурда мамлекеттик сыйлык менен сыйланган же ардак наам ыйгарылган учурдан тартып 5 жылдан эрте эмес, жаңы сиңирген эмгеги үчүн жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө учурларда 5 жылдык мөөнөт өткөнгө чейин адамды мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого же ага ардак наам ыйгарууга укуктуу.

3. Даражалуу сыйлыктарды жана баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөнү үчүн берилүүчү сыйлыктарды кошпогондо, бир эле адам бир эле мамлекеттик сыйлык менен эки жолу сыйланбайт.

4. Аскердик, кызматтык же жарандык милдетин аткарууда баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо көзү өткөндөн кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттин жана коомдун алдында өзгөчө эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) ыйгарыла турган "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын кошпогондо, көзү өткөндөн кийин башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жүргүзүлбөйт.

5. Көзү өткөндөн кийин сыйланган учурда, мамлекеттик сыйлык жана анын документтери аларды тагынуу укугусуз жакын туугандарына сактоо үчүн берилет.

6. Сыйланган адам каза болуп, ал тирүү кезинде мамлекеттик сыйлык тапшырылбай калган учурда, мамлекеттик сыйлык жана алардын документтери, ошондой эле ардак наамдардын документтери жакын туугандарына аларды тагынуу укугусуз сактоо үчүн берилет.

(КР 2019-жылдын 30-июлундагы N 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене.

1. Алардын юбилейлерине байланыштуу жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жүргүзүлбөйт.

2. Алардын юбилейине байланыштуу Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктерин жана юридикалык жактарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо 50 жыл толгондо жүргүзүлөт, кийинки сыйлоо 25 жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

4-глава. Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга татыктуу болгон адамдардын укуктары жана милдеттери

20-берене.

Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга татыктуу болгон адамдарга мыйзамдар менен социалдык кепилдиктер белгилениши мүмкүн.

21-берене.

Кыргыз Республикасынан чыгып кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана чет мамлекеттердин юридикалык жактары аларга таандык болгон мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин, ошондой эле ардак наамдардын документтерин алып кетүүгө укуктуу.

22-берене.

1. Мамлекеттик сыйлыктар жана алардын документтери сыйланган адам каза болгондон кийин аларды тагынуу укугусуз мураскорлорунда калат.

2. Сыйланган маркумдун мураскорлорунун макулдугу менен анын сыйлыктары жана алардын документтери, ошондой эле ардак наамдардын документтери музейлерге сактоого берилиши мүмкүн.

3. Сыйланган маркумдун же ардак наамга татыктуу болгон адамдын мураскорлору болбогондо, сыйлыктар жана алардын документтери, ошондой эле ардак наамдын документтери укуктук статусу жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мамлекеттик сыйлыктар фондуна кайтарылып берилүүгө жатат.

23-берене.

1. Мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон адамдар алардын сакталышын камсыз кылууга тийиш.

2. Мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин жоготкон учурда, сыйлангандар сыйлыктарга болгон өз укуктарын сактап калышат.

3. Ардак наамдын документтерин жоготкон учурда, ардак наамга болгон бардык укуктар сакталып калат.

24-берене.

1. Сыйланган же ардак наамга татыктуу болгон адамдар мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана мамлекеттик сыйлыктан же ардак наамдан ажыратылат.

2. Мамлекеттик сыйлыктан ажыратуу сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыкты же ардак наамдын документин алып коюу үчүн негиз болуп саналат.

Алып коюлган мамлекеттик сыйлык же ардак наамдын документи мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүлүп берилет.

25-берене.

1. Мурда мамлекеттик сыйлык менен сыйланган юридикалык жак кайра уюштурулган учурда, мамлекеттик сыйлык кайра уюштуруу процессинде түзүлгөн юридикалык жакка өткөрүлүп берилет.

2. Мурда мамлекеттик сыйлык менен сыйланган юридикалык жак жоюлган учурда, мамлекеттик сыйлык аны уюштуруучуга өткөрүлүп берилүүгө жатат.

Мамлекеттик сыйлык жоюлуучу массага кирбейт жана аны карызды төлөө эсебине өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

26-берене.

Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын белгилерин мыйзамсыз жасоо жана тагынуу, сатып алуу, сатуу, алмашуу же өткөрүп берүүнүн башка формасы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

5-глава. Корутунду жоболор

27-берене.

Мурда СССРдин, Кыргыз ССРинин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйланган Кыргыз Республикасынын жарандарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык тиешелүү укуктар жана кепилдиктер сакталат.

28-берене.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 6-июлундагы № 37 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 104-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 6-июлундагы № 38 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 105-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 15-январындагы № 14 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 239-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 30-майындагы № 44 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 5, 123-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 130 Мыйзамынын 4-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 418-ст.);

- "Баатыр эне" орденинин статуту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 10-июлундагы № 86 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 495-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 26 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 301-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 25-июлундагы № 125 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 597-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы № 153 Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 18-августу, № 61);

- "Кайрымдуулук үчүн" ("За Благотворительность") жана "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалдарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-декабрындагы № 201 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 970-ст.);

- "Баатыр эне" орденинин статуту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы № 80 Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2007-жылдын 15-июну, № 43);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 112 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 681-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 161 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-жыл, № 10, 780-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-июлундагы № 140 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 7, 604-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 246 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 1019-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы № 18 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 18-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 303 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 10, 967-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1033-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 73 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011 -ж., № 7, 976-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 121-ст.).

29-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда N 90 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

2017-жылдын 28-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган