icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2019-жылдын 10-сентябрындагы
ПЖ № 125 Жарлыгына)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул Жобо сыйлоо материалдарын тариздөөнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуш кылуу тартибин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарынын төш белгилерин тапшыруунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтердин дубликаттарын берүүнүн тартибин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибин карайт.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарын ыйгарууга сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттер

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуштар ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтерди тариздөөдөн кийин расмий бланкта Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы, парламенттик фракциясынын лидери;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын башчысы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилери;

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

- Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери жана административдик ведомстволору аркылуу киргизет.

5. Сунуштарга мамлекеттик органдардын жетекчилери кол коет, алар жок болсо, кол коюу укугун берүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн тиркөө менен статс-катчылар жана орун басарлар кол коёт.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуш кылуу тартиби

6. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, айыл өкмөттөрү, райондук же облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары, ошондой эле сыйлоого сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттер (мындан ары - сыйлоого сунуш киргизүү субъекттери) тарабынан демилгеленет.

7. Бишкек жана Ош шаарларынын чектеринен тышкары жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, айыл өкмөттөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтүшөт, алар каралгандан кийин сыйлоого сунуш киргизүү субъекттеринин дарегине жөнөтүшөт.

8. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары сыйлоого сунуш киргизүү субъекттеринин кароосуна сыйлоо материалдарын жөнөтүшөт.

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү демилгелей алышат, буга "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо кирбейт.

10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтү демилгелөө тартиби тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.

11. Чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды сыйлоого сунуштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги же болбосо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан киргизилет.

12. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын жана административдик-аймактык бирдиктерин сыйлоого сунуштар жалпы негиздерде киргизилет.

13. Сунуштамага жана сыйлоо барагына кол койгон кызмат адамдары аларда көрсөтүлгөн маалыматтын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

14. Талапкердин статусу өзгөргөндө (ишинен бошосо, башка ишке которулса, тартиптик жаза колдонулса, кылмыш иши козголсо, жарандыгын өзгөртсө, каза болсо), аны сунуш кылган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы) жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

15. Тындырылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуш кылууга жол берилбейт.

16. Мамлекеттик сыйлыкка сунуш кылынган ар бир талапкерге белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы (№ 1 форма тиркелет) толтурулат.

17. Сыйлоо барагында сыйлануучунун инсандык сапатын мүнөздөгөн маалыматтарды, тармактагы жана ушул жамааттагы жалпы иш стажы, конкреттүү сиңирген эмгектери, ишинин натыйжалуулугунун жана сапатынын көрсөткүчтөрү; өндүрүштө иштеген адамдар үчүн -иштин негизги натыйжалары камтылат; ал сунушталган сыйлык, ардак наам көрсөтүлөт.

18. Сыйлоо барактары машинада жазылган текст түрүндө таризделип жазуу жүзүндө берилет, аларда бардык белгиленген графалар так жана анык толтурулууга тийиш.

19. Жеке жактардын жеке маалыматтары паспортунун негизинде, юридикалык жактардын маалыматтары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде толтурулууга тийиш.

20. Туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин наамына сунуш;

- сыйлоо барагы;

- токтомдордон же коллегиалдуу органдын чечимдеринен көчүрмөлөр, сыйлоого сунушталган талапкерди талкуунун протоколдорунун көчүрмөлөрү;

- эмгек китепчесинин, паспорттун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, сиңирген эмгегин тастыктаган башка документтер (дипломдордун, сертификаттардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына, ведомстволук сыйлыктарына документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү ж.б.);

- соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;

- өтүнүч берген уюмдан мамлекеттик же муниципалдык кызматчы, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери болуп саналган талапкерлерге карата тартиптик жазанын жоктугу жөнүндө маалымкат;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тастыктаган илимий иштеринин тизмеси (окумуштуулук даражасы болсо), ошондой эле окумуштуулук даражасын тастыктаган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

21. Талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө тастыктоочу документти - фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүктү же болбосо фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө актынын жазуусунан көчүрмөнү тиркөө зарыл.

22. Кыргыз Республикасынын жаранында жеке идентификациялык номердин жоктугу сыйлоо материалдарын карабастан кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.

23. Сыйлоо материалдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) чечими менен белгиленген мөөнөттөрдө Комиссиянын катчылыгына жөнөтүлөт.

24. Оңдоолору бар, туура эмес таризделген сыйлоо материалдары жана окулбай турган документтердин көчүрмөлөрү кароого алынбайт.

25. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга негизсиз сунуш кылууга, сыйлоо материалдарына так эмес маалыматтарды киргизгенге жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

26. Баатырдык, эрдик, тайманбастык жана каармандык көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле сиңирген зор эмгеги, өндүрүштүн жана социалдык-маданий чөйрөнүн тармактарында жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн сыйлыктарды кошпогондо, кезектеги мамлекеттик сыйлыкка сунуш кылуу мурдагы сыйлоодон кийин беш жыл өткөндөн кийин жаңы сиңирген эмгеги үчүн болушу мүмкүн.

27. Даражасы бар сыйлыктарды жана баатырдык, эрдик, тайманбастык жана каармандык көрсөткөндүгү үчүн сыйлыктарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бир эле мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамына кайталап көрсөтүүгө жол берилбейт.

28. Бир эле талапкерди эки жана андан ашык сунуш киргизүү субъекттеринен сунуш кылууга жол берилбейт. Сунуш киргизүү субъекти талапкерди сунуш кылганда талапкер акыркы эки жыл аралыгында сыйлоого башка сунуш киргизүү субъекттери тарабынан сунуш кылынганын же сунуш кылынбагандыгын аныктоого тийиш.

29. Жарандарды юбилейлерине жана кесиптик майрамдарга байланыштуу аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылууга жол берилбейт.

30. Ушул Жобонун 20 жана 40-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын сыйлоого, ардак наамын ыйгарууга өтүнүч демилгеленген учурдан тартып бир жыл өткөндөн кийин аяктайт.

31. Комиссиянын чечимдери тууралуу даттануулар, арыздар, кайрылуулар жана суроо-талаптар каралбайт.

32. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйланган адамдардын сыйлоо материалдарынын көчүрмөлөрү укук коргоо жана сот органдарынын суроо-талабы боюнча гана жазык ишинин алкагында берилиши мүмкүн.

33. Комиссия тарабынан сыйлоонун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган адамга карата аны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга кайрадан сунуш Комиссия тарабынан аталган чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин каралышы мүмкүн.

4. "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо үчүн сунуш берүүнүн тартиби жана сыйлоо материалдарын тариздөөгө талаптар

34. "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ушул Жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер таризделгенден кийин расмий бланкта киргизилет.

35. "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр айыл өкмөтү, райондук жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленет.

36. Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтөт, алар сыйлоо жөнүндө материалдарды карайт жана андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жөнөтөт.

37. Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дарегине жөнөтөт.

38. Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары сыйлоо материалдарын Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтөт.

39. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган көп балалуу энелерге сунушту Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет.

40. Туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:

- энелердин тизмесин камтыган Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине сунуш;

- сыйлоо барагы (№ 2 форма тиркелет);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын токтомдорунан же буйруктарынан көчүрмөлөр;

- эненин паспортунун көчүрмөсү;

- бардык балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- эненин жана балдарынын жашаган жана/же иштеген, окуган жеринен, аскердик бөлүктөн маалымкат;

- эненин жана балдарынын соттолбогондугу жөнүндө маалымкаттар;

- асырап алынган балдар бар болсо, асырап алынгандыгы жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет;

- эненин же балдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндө тастыктоочу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл.

41. Иштеп жаткан энелерге сыйлоо барагы иштеген жери боюнча, иштебеген энелерге жана пенсионерлерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулат, жетекчилеринин колу коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

42. Сыйлоо барагы эненин паспортунун жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн негизинде толтурулат.

43. Сыйлоо барагы үй-бүлө жөнүндө толук маалыматты, ошондой эле катталган жана жашаган жеринин дарегин камтууга тийиш.

44. Энесинен өзүнчө жашаган жашы жеткен балдардын бар экендиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, үй же кварталдык комитеттин төрагаларынын маалымкаттары жана/же алар иштеген, окуган жердин маалымкаттары, ал эми аскер кызматындагы балдары аскер бөлүктөрүнүн же аскер комиссариаттарынын маалымкаттары менен ырасталат.

45. Жашы жете элек балдары энесинен өзүнчө жашаган учурда өзүнчө жашап жаткандыгынын себеби жөнүндө маалыматты камтыган баланын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, үй же кварталдык комитеттин төрагасынын маалымкаты тиркелет.

46. Балдары Мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адамдын өмүрүн сактоо боюнча жарандык милдетти аткарууда, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууда курман болсо же дайынсыз жоголсо, соттун чечими же анын себептери жана жагдайлары жөнүндө толук маалыматты камтыган башка тастыктоочу документ берилет.

47. Маалымкаттарда камтылган маалыматтын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчиликти аларга кол койгон кызмат адамдары тартат.

48. Балдарынын бирөөсү соттолсо энени мамлекеттик сыйлыкка сунуш кылууга жол берилбейт, буга балдардын соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тындырылган же алып салынган учурлар кирбейт.

49. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына талапкерге же мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн көп балалуу эненин балдарына карата жазык иши козголсо, сыйлоо материалдары тергөө аяктаганга, соттун актоочу чечими чыкканга жана ал мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кабыл алынбайт.

50. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына талапкерди же мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн көп балалуу эненин балдарын жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалыматтар бар болсо жана соттун өкүмү жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бул иш боюнча биротоло актыны берүүгө милдеттүү.

51. Балдарынын бар экендигин жана соттуулугунун жок экендигин тастыктаган маалымкаттар бир жыл бою жарактуу.

52. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган балдарга алар жашаган өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан берилген жашаган жана/же иштеген, окуган жеринен, аскердик бөлүктөн маалымкат, жашаган өлкөнүн жана Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары берген соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымкат берилиши керек.

53. Чет тилде берилген документтер мамлекеттик же расмий тилдерге которулушу жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.

54. Жети баласы бар болсо, ошондой эле мурда "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелерди "Эне даңкы" медалына сунуш кылууга жол берилбейт.

55. "Баатыр эне" орденине жана "Эне даңкы" медалына негизсиз сунуш кылынгандыгы, ошондой эле сыйлоо материалдарында камтылган анык эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

56. Энелерге сыйлоо материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан алфавиттик тартипте таризделген тизме боюнча, анын электрондук вариантын тиркөө менен, өтүп жаткан жылдын 1-декабрынан тартып келерки жылдын 31-январына чейин (эки ай ичинде) жыл сайын Комиссиянын катчылыгына жөнөтүлүшү керек.

5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби

57. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарды чыгарат, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жана "Эркин Тоо" гезитине жарыяланат.

58. Комиссиянын катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктары, ошондой эле сыйланган адамдын жеке маалыматтары "Мамлекеттик сыйлыктар" автоматташтырылган маалыматтар системасына киргизилет.

59. "Мамлекеттик сыйлыктар" автоматташтырылган маалыматтар системасын толтуруу жана актуалдаштыруу боюнча иштерди Комиссиянын катчылыгы жүргүзөт.

60. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарга төш белгилерди Кыргыз Республикасынын Президенти тапшырат, ошондой эле анын тапшырмасы боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси жана башка кызмат адамдары тапшырат.

61. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарына төш белгилерди тапшыруу ачык-айкын жана салтанаттуу кырдаалда жүргүзүлөт.

62. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча белгилүү бир адамдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын тапшыруу жабык режимде уюштуруучулардын, сыйлануучулардын жана алардын жетекчилеринин катышуусу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана бөтөн адамдарды киргизбестен жүргүзүлүшү мүмкүн.

63. Жер-жерлерде (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, облустарда, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, ошондой эле сыйлануучунун үйүндө) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарга төш белгилерди салтанаттуу тапшырууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укук берген адамдарга жүктөлөт.

64. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы жана ардак наамдарына төш белги сыйланган адамдын жеке өзүнө тапшырылат.

65. Мамлекеттик сыйлык тапшырылбаган сыйланган адам каза болгон учурда же каза болгондон кийин сыйланганда сыйлык жана анын документтери сыйланган адамдын жакын туугандарына же мураскерлерине өткөрүп берилет.

66. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын жана ардак наамынын төш белгисин тапшыруунун алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы окулат.

67. Мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу менен бир эле учурда төмөнкүлөр берилет:

- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга - тийиштүү китепче;

- орден менен сыйланган адамга - тиешелүү ордендин китепчеси:

- медаль менен сыйланган адамга - медалга тиешелүү күбөлүк;

- ардак наамга татыктуу болгон адамга - ардак наамга күбөлүк жана төш белги;

- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган адамга - "Ардак белги" төш белгиси.

68. "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине жана Кыргыз Республикасынын ордендерине күнүмдүк тагынып жүрүү үчүн алардын кичирейтилген көчүрмөсү тиркелет, буга "Баатыр эне" ордени кирбейт.

69. Ушул Жобонун 67-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтер мөөнөтсүз болуп саналат жана сыйлануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылбайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын документтеринде кандайдыр бир ондоолорго жол берилбейт.

6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын жокко чыгаруу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарын алып коюу

70. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыкты төмөнкү учурларда жокко чыгарат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыратуу түрүндө жаза колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

2) сыйлоо материалдарында так эмес маалыматтар болсо;

3) энени "Баатыр эне" ордени же "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо негизсиз болсо;

4) сыйланган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан эл алдында же жазуу жүзүндө баш тартса.

71. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыратуу жөнүндө соттун өкүмү күчүнө кирген күндөн тартып, ага карата өкүм чыгарылган жаран Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйланган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген социалдык кепилдиктерге укугун жоготот.

72. Сыйлануучунун сыйлоо материалдарында анык эмес жана (же) жалган маалыматтардын камтылышына байланыштуу Комиссиянын чечими менен сыйлоо материалдарында так эмес маалыматтар берилди деп аныкталат.

73. Сыйлоонун негизсиздиги ушул мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо үчүн талапкерге коюлган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо аныкталган талаптарга ылайык келбеген көп балалуу энени "Баатыр эне" ордени же "Эне даңкы" медалы менен сыйлоого байланыштуу Комиссиянын чечими менен аныкталат (ошол эле сыйлык менен кайталап сыйлоо, балдарынын саны белгилүү бир сыйлык менен сыйлоо үчүн балдардын санына ылайык келбөөсү жана ушул Жобонун башка талаптары).

74. Эл алдында баш тартуу деп сыйлануучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан жалпыга маалымдоо каражаттарында, телекөрсөтүү аркылуу, чогулуштарда, иш-чараларда, митингдерде, аудиториянын алдында баш тартуу жөнүндө эл алдында билдирүүсү таанылат.

75. Жазуу жүзүндөгү баш тартуу деп сыйлануучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине эркин формадагы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү таанылат.

76. Сыйлануучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тартуусун тастыктоо үчүн Комиссиянын катчылыгы тарабынан баш тартуу жөнүндө акт (№ 3 форма тиркелет) таризделет, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан баш тарткан адам кол коёт.

77. Баш тартуу жөнүндө актыга 30 календарлык күндүн ичинде кол коюлбаган учурда мамлекеттик сыйлыктан же ардак наамдан баш тарткан адамдын дарегине баш тартуу жөнүндө акт анын кол коюусуз таризделгендиги тууралуу кабарлоо менен кат жөнөтүлөт.

78. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тарткан адам кабарлоо менен кат алган учурдан тартып 10 календарлык күн өткөндөн кийин баш тартуу жөнүндө актынын 4-пунктунда тийиштүү белги коюлат.

79. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыгарылат.

80. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу жарлык күчүнө кирген күндөн тартып сыйлангандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бардык социалдык кепилдиктердин жокко чыгарылышына алып келет, буга ушул Жобонун 70-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлар кирбейт.

81. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыгарылган адамга тапшырылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак наамына төш белги жана алардын документтери алып коюлат.

82. Кыргыз Республикасынын алып коюлган мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдарына төш белгилер, ошондой эле алардын документтери мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүлүп берилет.

83. Мыйзамсыз ээлик кылган адамдардан укук коргоо жана бажы органдары тарабынан алып коюлган, ошондой эле ээси аныкталбаган мамлекеттик сыйлыктар Комиссиянын катчылыгына өткөрүлүп берилет.

84. Соттун күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы жана ардак наамынын белгиси жана аларга документтер соттун өкүмүн аткаруу үчүн белгиленген тартипте алып коюлат.

85. Сыйлануучу мамлекеттик сыйлыктан ажыратылган соттун өкүмү реабилитациялоочу негиздер боюнча жокко чыгарылса, бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жокко чыгарылууга жатат, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына укук калыбына келтирилүүгө тийиш.

86. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамына укуктарды калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыраган адамдын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.

87. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыгат, мында сыйлануучуга же анын мураскерлерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак наамына төш белгиси жана аларга документтер кайтарылат.

88. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы күчүнө киргенден кийин аны сыйлоо жөнүндө жарлык жокко чыгарылган учурдан тартып сыйлангандын социалдык кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак наамы калыбына келтирилет.

89. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгында сыйлануучунун аты-жөнүн жазууда (фамилиясы, аты, атасынын аты) каталар табылса, ага тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

90. Жарлык чыккандан кийин сыйлануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтердин дубликаттарын берүү

91. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жоголуп кеткен документтеринин ордуна же сыйлануучунун фамилиясын, атын, атасынын атын жазууда каталар табылса, бул адамды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого, ардак наамын ыйгарууга көрсөткөн субъекттердин өтүнүчү боюнча сыйлангандарга документтердин дубликаттары берилет.

92. Сыйлануучу аны сыйлыкка сунуш кылган органга табигый кырсыктын натыйжасында, же бул документтердин жоголушун болтурбоо мүмкүн болбогон башка жагдайларда жоголуп кеткенде, же сыйлануучунун фамилиясын, атын, атасынын атын жазууда каталар табылса, кайрыла алат.

93. Бул адамды сыйлыкка сунуш кылган органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтердин жоголуп кеткен жагдайларын текшергенден кийин жана дубликатты берүү жөнүндө арызды карагандан кийин, дубликатты берүү жөнүндө өтүнүчүн, сыйлануучунун арызын, паспортунун көчүрмөсүн Комиссиянын катчылыгына жөнөтөт. Өтүнүчтө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтердин жоголуп кеткен жагдайлары көрсөтүлөт.

94. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтердин дубликаттары документтердин колдонуудагы үлгүлөрүнүн бланктарына анын жогорку оң бурчуна "дубликат" деп жазып, Комиссиянын төрагасынын колу коюлуп жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп берилет.

95. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтерге дубликаттар Комиссиянын катчылыгы тарабынан дубликатты берүү жөнүндө өтүнүчтү демилгелеген тийиштүү органга жөнөтөт, ал аларды сыйлануучуларга берүүнү камсыз кылат.

96. Ордендердин, медалдардын, төш белгилердин жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын дубликаттары жоготулгандардын ордуна берилбейт.

 

Begin_nocompare

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарына жана  ардак наамдарына
сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун,
дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу
жана сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби
жөнүндө жобонун
1-тиркемеси

 

№ 1 форма

 

 

СЫЙЛОО БАРАГЫ

Кыргыз Республикасы

______________________________________

(облусу, Бишкек ш., Ош ш.)

1. Фамилиясы, аты, атасынын аты _____________________________________________________________

Эгер мурда фамилиясы, аты, атасынын аты башка болсо, алар көрсөтүлөт ___________________________

2. Кызмат орду, иштеген, кызмат кылган жери (ишкананын, мекеменин, уюмдун, министрликтин

бөлүмдөрүнүн ж.б. так аталышы көрсөтүлөт)

мамлекеттик тилде _________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

расмий тилде ______________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

3. Жынысы ________________________________________________________________________________

4. Туулган күнү жана жери ____________________________________________________________________

5. Жарандыгы ______________________________________________________________________________

6. Улуту ___________________________________________________________________________________

7. Билими _________________________________________________________________________________

(кайсы окуу жайын, кайдан жана качан бүткөн)

8. Илимий даражасы, илимий наамы, атайын наамы

__________________________________________________________________________________________

9. СССРдин, Кыргыз Республикасынын кайсы мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган, сыйланган датасы:

10. Жалпы иш стажы ________________________________________________________________________

11. Тармактагы иш стажы ____________________________________________________________________

12. Бул жамааттагы иш стажы ________________________________________________________________

13. Иш жүзүндө жашаган дареги: ______________________________________________________________

Катталган дареги ___________________________________________________________________________

Байланыш телефону ________________________________________________________________________

14. Сыйлануучунун өзгөчө сиңирген эмгеги:

__________________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

15. _______________________________________________________________________________________

(сыйлоо жөнүндө өтүнүч билдирилген мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органынын, ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы)

__________________________________________________________________ талапкерлиги талкууланды.

(талапкердин аты-жөнү, кызмат орду)

_______________________________________________________________________ чечим кабыл алынды.

(кандай чечим кабыл алынды, күнү, чечимдин №)

__________________________________________________________________________________________.

(сыйлыктын, ардак наамдын аталышы)

Жетекчи _______________________________________________            ______________________________

(аты-жөнү, кызмат орду)                                                        (колу)

20___-жылдын "_____"________________                                                         М.О.

16. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

__________________________________________________________________________________________

(аймактык органдын, түзүмдүк бөлүмдүн, администрациянын аталышы)

___________________________________________________________________ талапкерлиги талкууланды.

(талапкердин аты-жөнү, кызмат орду)

________________________________________________________________________ чечим кабыл алынды.

(кандай чечим кабыл алынды, күнү, чечимдин № )

Жетекчи _______________________________________________            ______________________________

(аты-жөнү, кызмат орду)                                                        (колу)

20___-жылдын "_____"________________                                                         М.О.

17. Сыйлоого сунуш кылуу субъекти:

__________________________________________________________________________________________

(органдын аталышы)

___________________________________________________________________ талапкерлиги талкууланды.

(талапкердин аты-жөнү, кызмат орду)

________________________________________________________________________ чечим кабыл алынды.

(кандай чечим кабыл алынды, күнү, чечимдин №)

Жетекчи _______________________________________________            ______________________________

(аты-жөнү, кызмат орду)                                                        (колу)

20___-жылдын "_____"________________                                                         М.О.

 

Эскертүү: сыйлануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт боюнча толтурулат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарына жана  ардак наамдарына
сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун,
дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу
жана сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби
жөнүндө жобонун
2-тиркемеси

 

2 форма

 

 

СЫЙЛОО БАРАГЫ

Кыргыз Республикасы

______________________________________

(облусу, Бишкек ш., Ош ш.)

1. Фамилиясы, аты, атасынын аты _____________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

Эгер мурда фамилиясы, аты, атасынын аты башка болсо, алар көрсөтүлөт ____________________________

2. Туулган күнү _____________________________________________________________________________

3. Туулган жери _____________________________________________________________________________

4. Улуту ___________________________________________________________________________________

5. Кызмат орду, иши, иштеген жери ____________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

6. Мурда кандай мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган ________________________________________

7. Балдары тууралуу маалыматтар:

Аты-жөнү (толугу менен), анын ичинде алмаштырылган болсо, мурдагы аты-жөнү

Туулган күнү

Кызмат орду, иштеген, окуган жери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

8. Кичүү баласы төрөлгөн күнү ________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

9. Иш жүзүндө жашаган дареги: _______________________________________________________________

Катталган дареги ___________________________________________________________________________

Байланыш телефону ________________________________________________________________________

10. Үй-бүлөсүнүн жана балдарынын кыскача мүнөздөмөсү:

__________________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

11. Сыйлоо жөнүндө өтүнүч кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ишкана, мекеме, уюм

__________________________________________________________________________________________

(органдын аталышы, күнү, чечимдин №)

____________________________________________________________________________ сунуш кылынды.

(сыйлыктын түрү)

Жетекчи _______________________________________________            ______________________________

(аты-жөнү, кызмат орду)                                                        (колу)

20___-жылдын "_____"________________                                                         М.О.

12. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык

администрациясы:

__________________________________________________________________________________________

(аталышы)

__________________________________________________________________________________________

(кандай чечим кабыл алынды, күнү, чечимдин №)

________________________________________________________________________ чечим кабыл алынды.

Башчы (аким) __________________________________________________________         ________________

(аты-жөнү)                                                                  (колу)

20___-жылдын "_____"________________                                                                     М.О.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын

мэриясы, Ош шаарынын мэриясы:

__________________________________________________________________________________________

(органдын аталышы)

_______________________________________________________________________ чечим кабыл алынды.

(кандай чечим кабыл алынды, күнү, чечимдин №)

Ыйгарым укуктуу өкүл, мэр

_______________________________________________________            ______________________________

(аты-жөнү, кызмат орду)                                                        (колу)

20___-жылдын "_____"________________                                                         М.О.

 

Эскертүү: сыйлануучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты паспорт боюнча толтурулат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарына жана  ардак наамдарына
сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун,
дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу
жана сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби
жөнүндө жобонун
3-тиркемеси

 

№ 3 форма

 

 

Баш тартуу жөнүндө
АКТ

Кыргыз Республикасы                                                                                                 "____" ____________ 20_____-ж.

_____________________________________________________

(облус, шаар, айыл)

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан баш тарткан адам жөнүндө маалыматтар

Аты-жөнү _________________________________________________________________________________

Кызмат орду _______________________________________________________________________________

(сыйланган учурундагы кызмат орду)

________________________________________________________________________________ баш тартуу

(мамлекеттик сыйлыктын, ардак наамдын аталышы)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 20_-ж. "___" __________________

№ _______________________________ Жарлыгы менен сыйлангандыгын жокко чыгарганга макул.

Эскертүү __________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

2. Эл алдында/жазуу жүзүндөгү баш тартуу (керектүүнүн алдын сызуу керек)

Баш тартуунун жагдайы (эл алдында баш тартуу болсо) ___________________________________________

__________________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

(басылманын аталышы, номери, күнү; телеканалдын аталышы, берүүсү, күнү, убакыты;

чогулуштун, иш-чаранын, митингдин аталышы, себеби, күнү, өткөрүлгөн жери)

Кириш № (жазуу жүзүндө баш тартканда) ____________________ "_____" _________________ 20_______-ж.

3. Актынын мазмунун жеке кол коюу менен тастыктайбыз.

1) ________________________________________________                                              ____________________

(баш тарткан жактын аты-жөнү)                                                                                 (колу)

2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын

жооптуу катчысы

 ________________________________________________                                              ____________________

(аты-жөнү)                                                                                                                 (колу)

4. Баш тартуу жөнүндө актыны эске албоо

("Актынын мазмунун жеке кол коюу менен тастыктайбыз" деген 3-пунктка кол коюлбаган учурда толтурулат)

 

Кабарлоо кат № ____________________________ "____"_______________ 20_________-ж.

Эскертүү __________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын

жооптуу катчысы

________________________________________________                                              ____________________

(аты-жөнү)                                                                                                                 (колу)

End_nocompare