icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

2019-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу аземи

2019-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу аземи

Церемония вручения государственных наград Кыргызской Республики 19 сентября 2019 года
2019-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу аземи

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Президент Сооронбай Жээнбеков алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымын белгилеп, Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовдун балдарына Кыргызстандын жогорку сыйлыгын тапшыруу ал үчүн өзгөчө сыймык экенин баса белгиледи.

Ар кандай мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш ж. б. тармагынын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылды.

Сыйлык алгандардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

Бардыгы болуп, мамлекеттик сыйлыктарга 164 адам татыктуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков аларга жаратмандык эмгек, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өттү.

Календарь событий