icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков наградил отличившихся работников энергоотрасли
Президент Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Анын ичинде «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:

— Дайыров Темиркул Айтмырзаевичке — «Түндүк-электр» ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары;

— Машрапов Асылбек Андалбековичке — Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын директору.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

— Апышев Адилет Топчубаевич — «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун электро-монтеру;

— Байтиков Курманжан Бурганакович — «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Түп райондук электр тармагынын башкы инженери;

— Наркеев Ырысбек Шергазиевич — «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын Ат-Башы электр тармактарынын улук диспетчери;

— Омуралиев Рысбек Адилетович — «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги;

— Сооронбаев Аскар Акылбекович — «Жалалабадэлектр» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды:

— Болотбек уулу Алидин — Токтогул ГЭСинин электротехникалык лабораториясынын инженери;

— Калыбеков Медербек Калыбекович — Токтогул ГЭСинин жабдууларын оңдоо боюнча 4-разряддагы электрослесары;

— Маматалиев Топчубек Мейманович — Таш-Көмүр ГЭСинин электромашина цехинин 4-разряддагы слесары;

— Надбагин Рафаиль Валиулович — «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун жылуулук тармактары боюнча начальнигинин орун басары;

— Оганов Шайлообек — Токтогул ГЭСиндеги электроцехинин 5-разряддагы электрослесары;

— Худайбердиев Исак Акбаралыевич — Азия өнүктүрүү банкынын «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорун жүзөгө ашыруу тобунун начальниги.

Календарь событий