icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленди

Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленди

Ряд сотрудников органов внутренних дел отмечены государственными наградами
Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы ата мекендик ички иштер органдарынын түзүлүү тарыхына токтолуп, жарандарыбыздын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталарын белгиледи.

Милициянын астындагы негизги тапшырма элдин жашоосунун тынчтыгын жана өмүрүнүн сактыгын камсыз кылуу, коомдо бекем тартипти орнотуу экендигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн  өзгөчө айырмаланган ички иштер кызматкерлерине  бир катар мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Календарь событий