icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Глава государства вручил государственные награды ряду сотрудников органов прокуратуры
Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышкандар:

— Талас облусунун Талас шаарынын прокурору -Айтназаров Алмазбек Арстаналиевич;

— Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурору — Бообеков Насриддин Бекмаматович;

— Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун улук жардамчысы — Чакчагаева Алтынкуль Турсунбековна.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышкандар:

 — Ысык-Көл облустук прокуратурасынын финансы жана ресурстук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси — Асылбекова Динара Сергоевна;

— Ош облусунун Араван районунун прокурору — Болотбеков Эмиль Болотбекович;

— Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн улук прокурору — Бообеков Таалай Качкынбаевич;

— Ош шаардык прокуратурасынын жазык жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн улук прокурору — Жолдошев Жаныбек Ашимович;

— Баткен облусунун Баткен районунун прокурору — Исманов Анвар Кудайбердиевич;

— Талас облусунун прокурору — Кашкарова Гулмира Нурдинбековна;

— Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын Балыкчы гарнизонунун аскер прокурору — Сейдахматов Рустамбек Зоданбекович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы — Тагаев Уланбек Жээнбекович;

— Нарын облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн начальниги –Токон Мурат;

— Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун прокурорунун улук жардамчысы — Шамшидинова Роза Тургуновна.

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Джамшитовго «3-класстагы Юстициянын мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.


Календарь событий