icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Кыргыз Республикасынын сот системасынын 95 жылдыгы

Кыргыз Республикасынын сот системасынын 95 жылдыгы

95-летие судебной системы Кыргызской Республики
Кыргыз Республикасынын сот системасынын 95 жылдыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда өлкөнүн сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын сот тутумунун тарыхы тууралуу «Сот адилеттиги — өнүгүүнүн өзөгү» видеотасмасын көрсөтүү менен башталды.

Президент өз сөзүндө адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүү, экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Баардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды. Ошондуктан сот реформасын — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек.

Мамлекет башчысы ушул чоң жоопкерчиликти — соттордун жалпы корпусу, ар бир судья дайыма сезип турушу кректигин, аны өз ишинде негизги принцип катары колдонушу зарыл экенин баса белгиледи.

«Сотко болгон ишеним — жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Иш-чарада Мамлекет башчысы бир катар судьяларга, сот системасынын ардагерлерине жана кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Календарь событий