icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Президент Садыр Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров вручил государственные награды отличившимся кыргызстанцам
Президент Садыр Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

 Бүгүн, 22-сентябрда, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына белгиленип, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болду.

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн түзүү жана чыңдоодогу эбегейсиз эмгегин белгиледи. Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин жакындарына «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы тапшырылды.

 Ошондой эле, Мамлекет башчысы дарыгер, мугалим, машыктыруучу, укук коргоочу жана башка ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык жемиштүү эмгеги, ошондой эле Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Календарь событий