icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Кыргызстандын бир катар ишканалары менен ишкерлери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйлыктар менен сыйланышты

Кыргызстандын бир катар ишканалары менен ишкерлери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйлыктар менен сыйланышты

Ряд предприятий и предпринимателей Кыргызстана отмечены наградами за весомый вклад в социально-экономическое развитие страны
Кыргызстандын бир катар ишканалары менен ишкерлери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйлыктар менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ата-мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Тийиштүү Жарлыкка Мамлекет башчысы кол койгон.

Алсак, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:

  «Atalyk Group» («Аталык Групп») жабык акционердик коому;

  «БИОВИТ» жоопкерчилиги чектелген коому;

  «ТЕКСТИЛЬ ТРАНС» (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.

 Мындан тышкары, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыяланды. Алар:

Эгембердиев Кайрат Таабалдыевич  —    «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору;

Шалюта Александр Васильевич      —     «Каинды-Кант» ачык акционердик коомунун башкы директору;

Ирсалиев Нияз Рахатбекович  —    «Тегирменти Гидроэлектростанциялары» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Кокоев Кайрат Абдилбаитович     —     «Кыргыз каганат» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Капаров Санжар Нуралиевич —  «Кант ТШП» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Акаев Канатбек Ергешбаевич —  «БАРБОЛ» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

 

Календарь событий