icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Өлкөгө жана элге сиңирген өзгөчө эмгеги менен өз тармагында өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү

Өлкөгө жана элге сиңирген өзгөчө эмгеги менен өз тармагында өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү

Состоялась торжественная церемония вручения госнаград, отличившимся кыргызстанцам за выдающиеся заслуги перед страной и народом
Өлкөгө жана элге сиңирген өзгөчө эмгеги менен өз тармагында өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү

Бишкекте бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө жетишкендиктери үчүн адилеттүү баасын алып, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган мекендештердин ролун белгиледи.

Ал чыдамкайлыгы, өжөрлүгү жана адал эмгеги менен ушул деңгээлге жетишкен бүгүнкү сыйлык ээлери өз заманынын каармандарына айланарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бардык сыйлык ээлерине өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери жана көп жылдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Календарь событий