icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Президент Алмазбек Атамбаев «Датка - Кемин» долбоорун ийгиликтүү бүтүргөн Кыргызстандын энергетиктери менен кытайлык өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды

Президент Алмазбек Атамбаев «Датка - Кемин» долбоорун ийгиликтүү бүтүргөн Кыргызстандын энергетиктери менен кытайлык өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды

Президент Алмазбек Атамбаев наградил государственными наградами энергетиков Кыргызстана и китайских партнеров за вклад в успешное завершение проекта «Датка-Кемин»
Президент Алмазбек Атамбаев «Датка - Кемин» долбоорун ийгиликтүү бүтүргөн Кыргызстандын энергетиктери менен кытайлык өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-январда  «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өткөн салтанаттуу аземде  «Датка - Кемин» долбоорун ийгиликтүү бүтүрүүгө салымын кошкон Кыргызстандын энергетиктери менен кытайлык өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы III даражадагы «Манас» орденин  «Кыргызстан улуттук электр түйүнү» ААК башкы директору Медетбек Айткуловго, «Даңк» медалын  «Кыргызстан улуттук электр түйүнү» ААК филиалы – Нарын жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү ишканасынын аба линиялары кызматынын электр монтеру Казыбек Көбөнбаевге жана «ТВЕА» компаниясынын президенти - директорлор кеңешинин төрагасы Жан Синге тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын КР энергетика жана өнөр жай  министринин мурдагы орун басары Айбек Калиев,  «Кыргызстан улуттук электр түйүнү» ААК филиалы – Чүй жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү ишканасынын подстанциялар кызматтарынын “Кемин” 500 кВ подстанциясынын башчысы Оттукбек Калиев, «Кыргызстан улуттук электр түйүнү» ААК «Датка» долбоорлорун ишке ашыруу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов, «Кыргызстан улуттук электр түйүнү» ААК филиалы - Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн техникалык көзөмөлүнүн жетектөөчү инженери Руслан Шерматов жана «ТВЕА» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Мусажан Макелек алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын өз “энергетикалык шакекчесин” түзүү менен өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга жол ачкан «Датка-Кемин» долбоорунун маанисин баса белгиледи.

Календарь событий