Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө сыйлыкка татыктуу болгондорду куттуктап, бүгүн аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу чоң сыймык экендигин белгиледи. “Бул менин Президент катары акыркы иш чараларымдын бири. Сиздердин ишенимди актадым деп ойлойм, сиздер Президент Алмазбек Атамбаев бир кезде сыйлык тапшырганын эстейсиздер деп ишенем”,- деди ал.
Мамлекет башчысы алдыдагы президенттик шайлоолор туурасында өз оюн айтты. “Мен бул теманы кыйгап өтө албайм. Азыр Атамбаев ыплас шайлоо өткөргөнү жатат деген көп ылай төгүлүп жатат”, -деди Президент.
Мамлекет башчысы таза шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү канчалык кыйынчылыктар менен жетишилгенин эске салды. “Менин көптөгөн жолдошторум түрдүү сыноолордон өттү. Айрымдары Кыргызстанда таза шайлоолор өтсүн үчүн курман болушту. 7-апрелде канча жигиттер курман болуп, канчасы оор жаракат алганын билесиздер. Бүгүн шайлоолорго жооп берген Өкмөттүн вице-премьер-министри Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза тапты. Бул адамды мен келечекте өлкөнүн жетекчилеринин бири болот дегендердин бири эле”, -деди Алмазбек Атамбаев. – Ошол эле учурда 2009-жылы өздөрү штабды жетектеген адамдар шайлоолорго карата даярдыкты кандай жамандап жатканын көрүп турабыз”.
Президент айрым Президенттикке талапкерлер үчүн Кыргызстан коммерциялык комок сыяктуу экендигин белгиледи. “Мен баары бир таза шайлоолорду өткөрөм”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
“Биздин досубуз ким, ким дос эмес экенин, бизге мамлекеттик департаменттин акчаларына иштеген ушундай демократтар керекпи же кереги жокпу деп, аныктап алыш керек. Биз ансыз деле көп азап чектик, биздин кырчындай жигиттерибиз курман болду”, -деди Алмазбек Атамбаев.- Алты жылдын аралыгында ишенимге ээ болдум деп ишенем. Көпчүлүк башка президентти укпай, өз президентин угат деп ишенем”.
Президент Алмазбек Атамбаев негизги байлыгыбыз – туруктуулук жана Кыргызстан элинин биримдиги экендигин баса белгиледи. “ Бизде бир дагы жаран тизелеп жашаган эмес, жашабайт дагы. Бизди өлкө эркин адамдардын өлкөсү. Бизде өлкөнүн бардык кирешеси мамлекетке жумшалып жатат. ИДПнын көлөмү менен эмес, үй-бүлө кландары бөлүп алып жаткан миллиарддар менен эмес, канча мектеп, канча жол салынганы менен мактаныш керек”, -деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы калыс, таза президент катары мисал боло алгандыгы менен сыймыктанаарын белгиледи. “Биздин келечегибиз нефти жана газ эмес, адамдарыбызда. Биздин келечегибиз - калыс бийлик, адилеттик. Сиздер буга көнгүлө. Кантип эле бизге мурдагы мезгил керек болсун? Кайрадан кан төгүлсө жакшыбы? Негизгиси калыстык. Кандай добуш берсеңиздер ошондой болот. Бүгүн өлкөбүздүн тагдыры сиздердин колуңуздарда”, -деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы сөзүнүн акырында сыйлык алгандарга бакыт-таалай, ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди каалап, өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо сыйлангандар Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан 10 миң сомдон алышты.