icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев вручил государственные награды за существенный вклад в социально-экономическое развитие Кыргызской Республики
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 22-ноябрда, “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда  Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды жүргүзүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле  кесиптик ишмердигиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө көп жылдар бою маданият ишмерлерине колдоо көрсөтүүнү, аларга маанилүү бир нерсе жасоону кыялданып жүргөндүгүн белгиледи.

“Эртең мен  маданият кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушу түшчү жерге капсула салам. Бул үйдүн курулушу аякташын абдан күтүп жатам. Бизде  мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгону менен  абдан жаман шарттарда жашаган маданият кызматкерлери бар”, -деп Президент Алмазбек Атамбаев   Мамлекет башчысы катары жаңыдан иштей баштаган жылдары Атамбаев жакшы иштеп жатат деп айтыштын өзү чыныгы эрдикке тете болгондугун эске салды.

“Эң оор учурларда сиздер мага көмөктөшүп, мени менен болдуңуздар”,- деп Президент Алмазбек Атамбаев катышуучуларга кайрылды. Анын айтымында  укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үйлөр салынып жатканда мугалимдер жана врачтар  ага таарынып жатышат.

“Күч органдарынын кызматкерлерине көп үйлөр ар кайсы өлкөлөрдөн келген гранттардын эсебинен салынганын айтып коеюн. Гранттарды күч органдары үчүн тартуу баарынан жеңил болчу. Бүгүн биздин армиябыз бар”,- деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жоон топ кызматкерлерин сыйлап жаткандыгын белгиледи.“Таза шайлоо өткөрүү – менин кыялымдын ишке ашкандыгы. Эгерде шайлоолор таза өткөрүлбөсө биз өлкөдө кезектеги баш-аламандыкка учурамакпыз. Биометрика болбогондо  митингдер менен баш-аламандыктардан арылбайт элек”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы   сыйлык тапшырууга II даражадагы  «Манас» орденине татыктуу болгон машыктыруучу, Олимпиада чемпиону гандболчу Талант Дүйшөбаев келбей калгандыгына  өкүнүчүн   жашырбады. “Ал башка өлкөнүн жараны, көптөн бери ошол  жерде машыктырат. Бирок ал биздин өлкөбүздүн сыймыгын арттырып жатат”,- деди ал.

Алмазбек Атамбаев  коомдук  негиздеги кеңешчилери Фарид Ниязов менен Икрам Илмияновдун эмгектерин белгилеп,  сөздөрү кыйла  эмоционалдуу, бирок абдан ойлонулуп айтылаарын мойнуна алды.“Көпчүлүк ойлойт, Атамбаев балп эттирди деп, чындыгында мен эмоционалдуу, бирок ойлонуп сүйлөйм. Кандайдыр бир иш жасасам   абдан күчтүү душман күтүп жатканымды түшүнүп жасадым.

Президент Алмазбек Атамбаев  арадан өткөн алты жыл аны үчүн оор болгондугун баса белгилеп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн өз үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.

“Ушул жылдар мен үчүн абдан оор болду, ошондуктан мен эч кандай кызматка тургум жок. Эгерде өлкө үчүн таза иштейм десең бардык жакындарыңды жоготуп, көп душман, анын ичинде абдан күчтүү, кубаттуу жана бай душмандарды дагы күтөсүң. Мен үчүн  өз өмүрүмдөн өлкөм артык эле. Себеби мен карапайым адамдардын аркасы менен аман калгам. Эгерде 7-апрелде карапайым балдарыбыз аянтка чыкпаганда алда качан менин сөөгүм сөпөт болмок. Мен Кыргызстан элинин аркасы менен, сиздер сыяктуу пикирлештеримдин, өлкөбүз үчүн чындап күйгөндөрдүн аркасы менен  аман калдым. Ошондуктан  сиздерге терең таазим этем.Сиздерге мен ыраазымын. Кыргызстанда сиздер сыяктуу адамдар бар деп сыймыктанам. Кыргызстан башка өлкөгө айланып баратат. Негизгиси туруктуулукту, тынчтыкты жана адилеттикти сактап калыш керек”-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы аземдин катышуучуларын  мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап,  аларга бак-таалай, бакубатчылык жана узун өмүр каалады.

Календарь событий