icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин үйүнө барып куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин үйүнө барып куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев навестил ветерана Великой Отечественной войны, Героя Кыргызской Республики, Народного поэта Суюнбая Эралиева
Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин үйүнө барып куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоо алдында, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин үйүнө барып кабар алып, Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы, ардагерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, бекем ден-соолук, узун өмүр каалады.

«Кыргыз эл жазуучулар жөнүндө сөз болгондо мен, биринчи ирет Сүйүнбай Эралиевди эстейм. Аксакал ар дайым чындыкты түз айтып, баардыгын өз аты менен атайт. Сиз менен болгон көптөгөн маяктерден чыккан кеңештериңиз менин өмүрлүк жолумда күч болуп,  тагдырдын соккуларына туруштук берүүгө жардам берет», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, Улуу Жеңиш күнү кыргызстандыктар үчүн түбөлүк мааниге ээ болуп, келечекте да өзгөчөлүгүн жоготпойт.

«Бул биздин ардагер ата-бабаларыбызга, өлкөнү бутуна тургузуп, аны коргогон муунга болгон урмат-сыйыбыз. Тарыхыбыздын эң оор учурунда силер азыр биз сыймыктанып жашаган жерибиздин пайдубалын түптөгөнсүз», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Сүйүнбай Эралиев Президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөткөн урматына  жана  колдоосуна ыраазычылык билдирди.

«Акыркы жылдары өлкөдө көптөгөн жетишкендиктер болду. Бирок баштаганды үзгүлтүккө учуратпай улантыш керек. Кыргыз элинин өлкөгө болгон ишеничи арзыды. Сизге жана калайык калкка көптөгөн ийгиликтерди, бейпил жашоо жана бакубатчылык каалайм», - деди Сүйүнбай Эралиев.

Календарь событий