icon-arrow-left icon-arrow-right icon-cross

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы үчүн УКМК кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы үчүн УКМК кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев наградил сотрудников ГКНБ государственными наградами за вклад в обеспечение национальной безопасности Кыргызстана
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы үчүн УКМК кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-февралда Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын «Эрдик» медалын жана Ардак баракчыларын тапшырды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы кесиптик чеберчилиги жана өлкөнүн, анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча  милдеттерин так аткаргандыгы үчүн УКМК кызматкерлерине кыргызстандыктардын атынан ыраазылык билдирди. «Силер өмүрүңөрдү тобокелге салуу менен аскердик жана кызмат парзыңарды татыктуу өтөп, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого жеке салым кошуп жатасыңар», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин ою боюнча, УКМКнын чынчыл жана ак жүрөк офицерлеринин жана жамаатынын күчү менен соңку кезде жарандардын атайын кызматтарга мамилеси оң жагына өзгөрдү. «Бул силердин эмгегиңер. Бүгүн күч түзүмдөрү өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерин так аткарып жатышат жана мындан ары да аткара беришмекчи», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Бүгүнкү мамлекеттик сыйлыктар – силердин өжөр жана ак ишиңердин үзүрү. Кыргызстанда силердей жарандар болгонуна мен ыраазымын жана силерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатканыма сыймыктанам”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы УКМК кызматкерлерине чың ден соолук, бакты-таалай, иштерине ийгилик каалап, мыктыларына «Эрдик» медалы менен Ардак баракчаларды тапшырды.

Календарь событий